Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Латвия "РТР-Россия" телеканалын көрсөтүүгө үч айга тыюу салды


"Россия" телеканалындагы берүүдөн бир көрүнүш.

Латвиянын Электрондук маалымат каражаттар боюнча улуттук кеңеши мындай чечимге "Орусиянын мамлекеттик "РТР-Россия" телеканалы украиндерге карата улут аралык жек көрүүчүлүктү козутуп жатат" деген жүйө келтирди.

"Leta" агенттиги билдиргендей, аталган телеканалдагы "Владимир Соловьёв менен кече" деп аталган программанын былтыр 22-майдагы чыгарылышында Украинага карата жек көрүү айтылган деп табылган. Ал эми 2018-жылдын 11-январында "60 мүнөт" программасында ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Украина менен согушууга чакырган.

Латвиялык эксперттер бул берүүлөрдөн кийин Электрондук маалымат каражаттар боюнча улуттук кеңешке даттанышкан.

Аталган кеңеш берүүлөрдө эреже бузулганы тууралуу Евробиримдик менен Швецияга да кайрылган. Латвияга көрсөтүлгөн канал Швецияда каттоодон өткөн.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG