Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Казакстан орус каналдарынан баш тартабы?


"НТВ-Мир", "РТР-Планета", "Россия-24" жана "Россия-Культура" каналдары Орусиянын өзүндө калкка акысыз көрсөтүлөт.
"НТВ-Мир", "РТР-Планета", "Россия-24" жана "Россия-Культура" каналдары Орусиянын өзүндө калкка акысыз көрсөтүлөт.

Ушул айдан тартып Казакстанда Орусиянын "НТВ-Мир", "РТР-Планета", "Россия-24" жана "Россия-Культура" каналдары көрсөтүлбөй калышы мүмкүн. Буга аталган каналдардын жетекчилиги Казакстандын аймагындагы ретрансляция акысын көтөрүшкөнү себеп болууда.

"НТВ-Мир", "РТР-Планета", "Россия-24" жана "Россия-Культура" каналдары Орусиянын өзүндө жалпыга жеткиликтүү каналдардын тизмесине кирип, калкка акысыз көрсөтүлөт.

Анткен менен бир катар мурдагы советтик өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстанда көрүүчүлөр акы төлөшү абзел. Ушул айдан тартып аталган каналдардын жетекчилиги акы көтөрүлөрүн маалымдашкан.

Мындан улам Казакстанда сөз болуп жаткан каналдарды ретрансляция кылууга укук алган "Казактелеком" улуттук байланыш оператору көрүүчүлөрдүн капчыгына күч келерин эскерткен. Ошондуктан каналдарды Казакстандын аймагында көрсөтүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынганы маалым болду.

Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев учурда бул боюнча тараптардын ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

- Азыр бул боюнча сүйлөшүү процесси уланууда. Телеканалдар менен байланыш операторунун ортосунда түшүнбөстүктөр болуп жатат. Орусиялык телеканалдар Казакстандын аймагында өз программаларын көрсөтүү акысын көтөрүп жатышат. Мен билгенден НТВ жана "Россия" каналдарына байланыштуу маселе чыгып жатат.

Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев.
Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев.

"Укуктук медиа-борбор" уюмунун сурамжылоосуна ылайык, казакстандык телекөрүүчүлөр ата мекендик телеканалдарда көрсөтүлүп жаткан контентке ичи чыкпагандыктан орусиялык каналдарга артыкчылык берет. Бул тууралуу уюмдун юристи Гүлмира Биржанова мындай деди:

- Бир нече жыл мурда биздин уюм эл арасында сурамжылоо өткөрүп, "Кайсы каналдарды көрөсүңөр?" деген суроо узаткан. Тилекке каршы, биринчи орунга Орусиянын каналдары, тактап айтканда, "Биринчи канал" чыккан. Анткени биздин каналдар атаандаштыкка туруштук бере албайт.

Эки жыл мурда Казакстанда "Телерадиоберүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык акы төлөнгөн каналдарда жарнамага тыюу салуу каралган. Парламентте бул өзгөртүүлөр кабыл алынып жатканда менчик байланыш операторлору орус каналдары казак рыногунан кетип калабы деп кооптонушкан. Бирок андай болгон жок.

"Укуктук медиа-борбор" уюмунун юристи Гүлмира Биржанованын айтымында, Орусия өз каналдары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп келет.

- Бул каналдардан жек көрүүнүн тилине үгүттөө жүрөт. Биз өз тренингдерибизде бул каналдардын жаңылыктар чыгарылыштарын көрсөтмө катары колдонуп, "мындай кылбаш керек" деген мисал келтиребиз.

Ал эми Кыргызстанда "ОРТ каналына ретрансляция үчүн жылына 50 млн. сом төлөнөт" деген маалымат бир нече жыл мурда катуу талкууга түшкөн.

Ошол эле учурда ВГТРК холдингине таандык “РТР-Планета”, “РТР-24” жана “РТР-Культура” өлкөгө 96 миллион сом төлөй тургандыгы айтылган. Орусиянын “Биринчи канал. Дүйнөлүк желе” жана “РТР-Планета” телеканалдары Кыргызстанда Орусия менен жармакташып түзүлгөн ишканалар аркылуу көрсөтүлөт. “Биринчи канал. Дүйнөлүк желе” телеканалынын берүүлөрүнө “Биринчи канал. Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому жооп берет. Бул ишкана 2007-жылы түзүлгөн жана үлүшүнүн теңинен көбүнө Коомдук телерадиокорпорация ээлик кылат.

“РТР – Планета” каналынын берүүлөрүн таратуу укугу “Телерадиоберүүлөрдүн радиотехникалык борбору” деген ишканага таандык. 2016-жылдын башында Орусиянын ОРТ жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында жергиликтүү мыйзамдарга баш ийбей турган өзгөчө макам берүү боюнча сунуш түшкөн.

Демилгени көтөргөн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ОРТ жана РТР каналдарын ретрансляциялоо мүмкүнчүлүгү Орусия тарабынан акысыз берилип жатканын айтып, бул артыкчылыкты колдон чыгарбаш керек экенин белгилеген. Мындай келишимдин долбоору жарыяланар замат коомдо кызуу талаш-талкуу жаралып, сунуш парламентте каралбай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG