Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Орус каналдарын колдогон мыйзамдын талашы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна кирген орусиялык 1-канал менен РТР телеканалдарынын 2023-жылга чейин эфирге чыгышына шарт түзгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талаш-тартыш менен кабыл алынды.

Орусиялык эки каналдын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүгө 107 депутат катталып, анын ичинен 54 эл өкүлү макулдугун билдирсе, 53 депутат демилгеге каршы турду.

Мыйзам долбоору бир добуш артыкчылык менен биринчи окуудан өтүп кетти. Сынга кабылган чечимди колдогондордун бири депутат Садык Шер-Нияз болду. Ал телеканалардын маданиятка тиешеси болгондуктан демилгеге макулдугун бериптир.

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

«Фильмдерди көрөбүзбү же маданияттан кабар алалы дегенде «Netflix», «Google Play» же башка сайттардан сатып алып жатабыз да. Орустардын каналдарында жакшы маданий берүүлөр көрсөтүлүп жатат. Кыргызстанга пайдасы бар деп эсептейм. Мындан тышкары биздин коомду өстүрүүгө орус тили да керек экендигин билем. Дүйнөгө ушул тил менен чыгып жатабыз».

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев анын ордуна башка бирөө добуш берип салганын айтты:

«27-майдагы добуш берүү болгон күнү Жогорку Кеңеште жок болчумун. Өзүм ал мыйзам долбоорун колдобойм. Стенограмма үчүн каршы экенимди жалпы жыйындан да билдирдим. Добуш берүүнүн жыйынтыгын өзгөртүүгө аракет кылайын дегем. Бирок менден кийин дагы эки-үч кызматташым чыгып «биз үчүн каршы деп добуш беришиптир, чындыгында биз макулбуз» деп коюшту».

Орусиянын эки каналын 2023-жылга чейин көрсөтүүгө бюджеттен 14 млн. сом корой турганын депутат Дастан Бекешев эсептеп чыккан. Ал каражат - орусиялык каналдардын эфирге чыгышы үчүн Радиорелейлик магистралдардын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинине (РПО РМТР) төлөнө турган акча. Депутаттын айтымында, орусиялык телеканалдардан айырмаланып социалдык пакетке кирбей калган жергиликтүү жеке менчик телеканалдар трансляция үчүн айына 180 миң сом төлөп жатат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Коомдук телерадио корпорация толугу менен мамлекеттен каржыланат. Быйыл эле бюджетте 492 млн. сом көрсөтүлгөн. КТРК ээлеген мультиплекс же болбосо атайын жыштыктар аркылуу Орусиянын каналдары эфирге акысыз чыгууда. Ага бюджеттин акчасы короп жатат. Ошол эле маалда түрктөрдүн «ТРТ-Аваз» деген каналы коммерциялык мультиплекске кирген. Алар ай сайын өлкө казынасына 180 миң сомдон төгүп жатат».

Орусиялык телеканалдар Кыргызстан санарипке өткөндө эле бекер көрсөтүлө турган телеканалдар тизмесине - социалдык пакетке киргизилген. Ал жерде 1-канал менен РТРден тышкары 13 жергиликтүү телеканал бар. Социалдык пакетке КТРК жана анын алдында ачылган «КТРК Спорт», «Маданият», «Музыка» каналдары жана ЭлТР, «Пирамида», Бешинчи канал кирет.

Журналист Айбек Турдалиев «Орусия өз маалыматтык саясатын Кыргызстанда жүргүзүп жатканы үчүн эмнеге биздин акча корош керек?» деген маселени кабыргасынан коюп жатат. Ал өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна коркунуч келди деп эсептейт.

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

«Биз эң негизги нерсеге көңүл бурбай жатабыз, - деди ал. - Бул деген үгүт. Аны жөнөкөй эле берүүлөр аркылуу жүргүзө бериши мүмкүн. Жыйынтыгында ошол мамлекетке болгон кулдук уруу, аларга болгон «сүйүү» күчөп, өз мамлекетиңден үгүтүн жүргүзүп жаткан өлкөнү өйдө коё баштайсың, аларды пир тутасың. Коомчулукту маңкурттукка алып келген ТНТ деген канал бар. Зордук-зомбулукту көрсөтөт, берүүлөрүндө аял кишини мал менен теңеп жатканы да байкалат. Ошондой эле НТВ, РЕН-ТВ деген телеканалдары бар. Алар өлкөнүн аймагында эркин көрсөтүлбөшү керек».

Орус мамлекети каржылаган эки ири каналдын Кыргызстанда көрсөтүлүп жатышы жергиликтүү медиа тармагына терс таасирин тийгизет дегендер дагы бар.

Медиа-эксперт Шайырбек Маматокторов орус каналдарына түзүлгөн шарттарга ата мекендик медиа өкүлдөрү көптөн бери жетпей жүрөт деген ойдо.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

«Телеканалдар жөнүндөгү мыйзамга ылайык эфирге чыгып жаткан берүүнүн 50% кыргыз тилинде, 50% жергиликтүү контент болуш керек, - дейт ал. - Андай нерселерди аткаруу жеке менчик каналдар үчүн өтө оор. Көп каражатты талап кылат. Өзүбүздүн телеканалдарды өнүктүрө албай кыйналып жүрсөк, олчойгон акчаны орус каналдарына берип жатышканы акылга сыйбайт. Мыйзам долбооруна добуш берген 54 депутат - мамлекеттин чыккынчылары, саткындар. Орусияда биздин да 1 млн. жараныбыз жүрөт. Орус бийлигинин үгүтүнө мигранттарыбыз сугарылганы аз келгенсип, бул жакта жашагандар да 1-канал менен РТРди көрүп жатышат. Анда Орусия да биздин каналдарды бекер көргөзсүн!»

Шайырбек Маматокторов айтып жаткан «Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө» мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, 2011, 2014-2017-жылдары өзгөртүлүп, толуктоолор киргизилип турган. Ал мыйзамга жеке менчик телеканалдардын көпчүлүгү каршы чыгып, шарттары катаал экенин айтып келет. Маданият, маалымат жана туризм министринин маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG