Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:37

Латвия, Литва жана Эстония санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узартты


Беларустагы нааразылык акцияларын күч менен басуу аракети. Иллюстрациялык сүрөт.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узартып, 101 адамдын фамилиясын көрсөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.

Өлкөнүн сырткы саясатты жүргүзгөн министрлиги анда "беларустун бийлиги тынчтык акцияларынын катышуучуларына карата мамилесин өзгөрткөн эмес, демонстрацияларды дискредитациялоо, митингчилерге карата зомбулук жана кылмыш ишин козгоо уланууда" деп белгилеген.

Латвиянын узартылган тизмесине «Белтелерадиокомпаниясынын жетекчиси Иван Эйсмонт, Александр Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт, вице-премьер Анатолий Сивак, Минск милициясынын атайын кызматынын командири Дмитрий Балаба, Конституциялык соттун төрагасы Петр Миклашевич, Минск облусунун губернатору Александр Турчин жана башкалар кошулган.

Эстониянын ТИМинин тизмесинде 128 адам бар. Бул адамдарга 2025-жылдын 30-августуна чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Эстония жана Латвия менен чогуу Беларус элине каршы репрессия колдонуп жаткан беларустарды киргизген санкциялык тизмени узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын 25-сентябрда "Твиттерге" жазды. Ал Литванын тизмеси канчага узарганын тактаган жок.

Латвия, Литва жана Эстония шайлоону жасалмалоо жана каршылык акцияларын күч менен басып жатканына байланыштуу Александр Лукашенко баштаган 29 беларус аткаминерине санкция салып, өлкөгө киришине 31-августта тыюу салган. Латвия менен Эстониянын алгачкы тизмесинде 30 адамдын фамилиясы, Литваныкында 31 кишинин аты-жөнүн жазылган.

Бул тизмелерде Лукашенко, анын уулу Виктор, Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина, ички иштер министри Юрий Караев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков, башкы прокурор Александр Конюк, президенттин администрациясынын жетекчиси Игорь Сергеенко, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Валерий Вакульчик, Тергөө комитетинин төрагасы Иван Носкевич жана башкалар бар. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG