Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

COVID-19: Кыргызстандын чек арасына кирүүнүн алгоритми иштелип чыкты


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Бул тууралуу 26-сентябрда өкмөттүн аппараты кабарлады.

Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында беткап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.

Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат.

Өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш жана илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандарына 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына киришине уруксат берилет.

Мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди. (ErN)

XS
SM
MD
LG