Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Украинада авиакырсыктан 25 адам каза болду


Харьков облусунда «Ан-26Ш» аскердик-транспорттук учагы кырсыкка кабылган жер. Украина.
Харьков облусунда «Ан-26Ш» аскердик-транспорттук учагы кырсыкка кабылган жер. Украина.

Украинанын Харьков облусунда «Ан-26Ш» аскердик-транспорттук учагы кырсыкка кабылып, 25 адам каза болду.

25-сентябрдын кечинде кулап түшкөн учак окутуу милдетин аткарып жүргөн, анын бортунда Украинадагы Иван Кожедуб атындагы Улуттук университетинин курсанттары жана экипажы, жалпы 27 адам болгон. Аман калган эки студент оор абалда бейтапканага түштү.

Учак Чугуев шаарындагы аэродромуна жакын жерде, Киев-Харьков трассасынын жээгинде кырсыктаган. Конордун алдында экипаждын командири сол кыймылдаткыч иштебей калганы тууралуу маалымдаганын Харьков облустук администрациясынын төрагасы Алексей Кучер журналисттерге кабарлады.

«76 сары» номерлүү «Ан-26Ш» үлгүсүндөгү учак 1977-жылдын 21-октябрында өндүрүштөн чыгып, акыркы жолу 1996-жылы оңдоодон өткөн.

2020-жылдын июль айында «Антонов» аттуу мамлекеттик ишкана учакты дагы эки жыл пайдалануу боюнча келишим түзгөнү кабарланды.

Кырсык болгон жерде учактын «кара кутусу» табылды. Иликтөө иштери уланууда. Харьковго Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин келиши күтүлүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG