Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

ИИМ атайын операция учурунда издөөдө жүргөн 154 кишини кармады


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөр ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын алкагында «Издөө» аттуу операциясы өткөрүп, издөөдө жүргөн 154 кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин сайтында кабарланды.

Анда айтылгандай, жасаган кылмыштары, анын ичинде оор кылмыштар үчүн шектүүлөр 92. Атайылап адам өлтүрүүгө шектүү жети, каракчылыкка шектүү үч, зордуктоого шектүү үч, талап-тоноого шектүү колго түштү. Башка кылмыштар үчүн шек саналгандар 75.

Дагы 62 адам эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлер. Операция учурунда дайынсыз жоголгон 40 адамдын турган жери аныкталды жана алты сөөктүн тек-жайы аныкталды.

Эл аралык ыкчам операциянын алкагында жалпы 189 кылмыштын бети ачылды. Мындан сырткары анын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган эки курал-жарак алынды.

16-17-сентябрда бир нече өлкөдө катар жүргөн бул операцияга Кыргызстандан 3 миң кызматкер тартылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG