Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Коронавирус 158 адамдан табылды


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 158 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 26-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Анда айтылгандай, жаңы катталган учурлардын 43ү Баткен облусунда, 34ү Жалал-Абад облусунда, 22си Бишкек шаарында, жана дагы 22си Ош облусунда. Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 11, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 3 жана Талас облусунда 2.

26-сентябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 155 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 46090 кишиге жукту. Анын 42 302 айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.

Учурда 658 бейтап стационарда, 1919у үй шартында дарыланууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG