Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Навальный Москвага кайтарын кабарлады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ушул дем алышта Орусияга кайтарын билдирди.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ушул дем алышта Орусияга кайтарын билдирди.

Августтан бери Берлинде дарыланып жүргөн Алексей Навальный Инстаграмдагы баракчасында видеокайрылуу жасап, 17-январда Москвага «Победа» учагы менен кайтып келерин билдирди.

«Мен тирүү калдым. Эми мени өлтүрүүгө буйрук берген Путин өзүнүн бункерин үч көтөрүп, малайларын мени кайттырбаш үчүн бардыгын жасоону буйруп жатат. Малайлары адаттагыдай эле мага каршы жаңы кылмыш иштерин токууда», - деп жазды Навальный.

Саясатчы былтыр августта Томскиден Москвага бараткан учакта эсинен танып жыгылып, кийин Берлиндеги клиникага жеткирилген.

Европалык бир нече лаборатория Орусиянын башкы оппозициячыл саясатчысы «Новичок» уусу менен ууландырылганын тастыкташкан.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн жарыялап, анда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Ошол кезде Орусияда Навальныйга карата жаңы кылмыш иштери ачылып, мурунку сот жазасынын шарты өзгөртүлгөнү турат.

29-декабрда Тергөө комитети Навальный өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Анда саясатчыга Коррупцияга каршы аракеттенүү фондуна которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деген айып тагылган. Бул берене боюнча Орусияда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Мындан тышкары Тергөө комитетинде Навальныйга каршы дагы бир кылмыш иши бар. Былтыр июнда ал Путиндин Баш мыйзамды өзгөртүүсүн колдоп чыккан согуш ардагерине жалаа жапты деп айыпталып, 200 саат бою коомдук жумуштарга милдеттендирүү жазасы каралган.

Буга кошумча 12-январда Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматы Москвадагы Симоновский райондук сотуна Навальныйга карата шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арызы менен кайрылды.

Кызмат 30-декабрда аяктай турган шарттуу жаза мөөнөтү тууралуу 28-декабрда билдирүү жасап, анда Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасынан 2020-жылдын 20-сентябрында чыгарылганын белгилеп, сот салган милдеттерге ылайык 29-декабрга чейин Орусияга келип, каттоого турушун талап кылган.

«Шарттуу түрдө соттолгон адам сот салган милдеттерди аткарбай, кылмыш-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүнөн качып жатат» деген билдирүү таркатылган.

Навальный Берлиндеги ооруканада үй-бүлөсү менен
Навальный Берлиндеги ооруканада үй-бүлөсү менен

Навальныйдын шарттуу кесилген окуясы 2014-жылы «Ив Роше» компаниясынын ишине барып такалат. Анда Алексей агасы Олег Навальный менен бирге ири өлчөмдөгү каражат уурдаган деп айыпталган. Жыйынтыкта саясатчы 3,5 жыл шарттуу кесилсе, агасы Олег 3,5 жылга абакка кесилип, жаза мөөнөтүн абакта өтөп чыкты.

Навальный мурунку кылмыш ишти саясий куугунтук, «токулган иш» катары сыпаттап, өзүнө каршы жаңы козголгон иштерин «кек», анын Орусияга кайтышына тоскоолдук жаратуу катары баалайт.

Расмий Кремль оппозициячынын ууландырылышына эч тиешеси жок экенин айтып, өзүнө карата доону четке кагып келет.

Навальныйдын ууландырылганы тастыкталгандан кийин Европа Биримдиги жана Британия Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Алексей Бортников, Путиндин администрация башчысынын орун басары Сергей Кириенкону жана тышкы иштер башкармалыгынын башчысы Андрей Яринди санкциялык «кара тизмеге» алган.

44 жаштагы Алексей Навальный Кремлдин башкы сынчысы. Ал өзү жетектеген Коррупцияга каршы аракеттенүү фонду менен бирге Путиндин айланасындагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин, мыйзамсыз жыйган байлыктарын ашкере кылып келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG