Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:12

Москвада оппозициячыл активист Соболь тергөө абагынан чыкты


Любовь Соболь.
Любовь Соболь.

Оппозиционер Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболь жекшембинин (27-декабрдын) кечинде Москвада тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Соболь «Дождь» телеканалына өзү билдирди. Активист жума күнү 48 саатка камалган.

Андан мурун активистти Тергөө комитетине алып келишкен. Ага «менчик турак жайдын кол тийбестигин бузган» деген негизде айып коюлган. Кандайдыр бир бөгөт чарасы каралган-каралбаганы азырынча белгисиз. Соболдун сөзүнө караганда, иште «дал келбеген жагдайлар көп». Ал алты саат сурак берген.

Буга чейин Тергөө комитети 21-декабрда Соболь баш болгон бир нече киши «улгайган адамдын үйүнө кирүүгө аракет кылганын» билдирген.

Соболго каршы коюлган доону анын Навальныйды ууландырууга катышкан деп жоромолдонгон Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК, орусча ФСБ) офицерине жолугуу аракетине байланыштырып жатышат.

Навальный ФККнын сөз болгон кызматкери Константин Кудрявцев менен телефондон сүйлөшкөнүн 21-декабрда жарыялаган. Дал ошол күнү Кудрявцев менен анын үйүндө жолугууга аракет кылган журналисттердин арасында Соболь да бар болчу.

Соболь Кудрявцевге жолугуп, ага ууландыруу тууралуу суроо бериш үчүн ал жерге барганын айткан. Ал батирдин коңгуроосун басканда Кудрявцевдин кайын энеси эшикти ачканын, кийин ал аял ага каршы арыз жазганын билдирген. Соболго козголгон кылмыш беренеси боюнча сот аны күнөөлүү деп тапса, анда ал айыппул төлөп же эки жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал эле.

33 жаштагы Любовь Соболь - Алексей Навальныйдын көрүнүктүү үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи катары Орусиядагы жогорку жетекчилердин мыйзамсыз байлыгын ашкере кылган иликтөөлөргө катышкан.

ФКК оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышынын жагдайларын ашкере кылган журналисттик иликтөөнү чагым деп баалады. Ал эми Навальныйдын өзүн ууландыруу операциясына катышкан ФККнын кызматкери Кудрявцев менен Навальныйдын сүйлөшүүсүн орус бийлиги жасалма ыкма менен чапталган жалган үн тасма катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG