Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

УКМК менен Жогорку соттун тиреши


Гүлбара Калиева жана Камчыбек Ташиев. "Азаттыктын" коллажы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси боюнча айныксыз далилдер бар экенин билдирүүдө.

Бирок Судьялар кеңеши жана Жогорку сот атайын кызматтын бул айыптоосунан кийин сот бийлиги тартип коргоо органдарынын болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатканын айтууда.

Судьялар кеңеши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабрда басма сөз жыйынында «Жогорку соттун төрайымы кармалат, ага коюлган айыптар боюнча жетиштүү далилдер бар» деген билдирүүсү бийликтин бир бутагы болгон сот тутумуна, анын жетекчисине карата айтылган айыптоолор Кыргызстандын Конституциясынын ченемдерине жана жазык-процесстик мыйзамдарына каршы келерин белгиледи.

Ошондой эле аталган кеңеш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жазып, сот корпусуна карата айтылып жаткан бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн коргоону, сот тутумунун көз каранды эместигин камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранды.

Кеңеш жарыялаган ачык катта соңку мезгилде сот бийлиги укук тартибин коргоо органдарынын болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатканы белгиленет:

Акыркы окуялар - укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүшүнүн далили.

«Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар - укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүшүнүн далили. Буга жол берилбеши керек! Анткени бул сот бийлигинин гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына жана туруктуулугуна шек келтирет», деп жазылат маалыматта.

Жогорку соттун жообу

Жогорку сот атайын кызматтын айыптоолоруна жооп кайтарып, төрайымга коюлган айыптар негизсиз экенин билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, «Жергиликтүү сот» системасы боюнча долбоор Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзгөн жана Жогорку соттун жетекчилиги менен кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүү боло албайт.

Ошондой эле Жогорку сот 26-декабрда vb.kg сайты жарыялаган “Гүлбара Калиеванын өмүр баянындагы күмөндүү иштер” аттуу макалага жооп берди. Макалада Калиеванын күйөөсүнө, уулуна жана бир тууганына козголгон кылмыш иштери тууралуу жазылган.

“Жогорку сот vb.kg интернет гезитинин макаласында айтылган Калиеванын жакындарына карата сот иштери болгонун четке какпайт. Бирок сот отурумдары мыйзам чегинде болгонун эске салат”, деп айтылат Жогорку соттун 27-декабрда тараткан маалыматында. Ошондой эле:

“Бүгүн биз сотторго карата басым болуп жатканына күбө болуп турабыз. Бирок сот системасында башка көйгөйлөр болуп жатканын да жокко чыгара албайбыз. Биз маселени чечүүнүн аракетин көрүп, соттордун кадыр-баркын көтөрүүгө далалат кылабыз”, - деп жазылган.

УКМК: Калиевга карата айныксыз далилдер бар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку соттун жана Соттор кеңешинин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Жогорку соттун жетекчилерине “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуудагы коррупция үчүн сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлап, төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси боюнча айныксыз далилдер бар экенине токтолду.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

“Тергөө учурунда бул ишке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далилдер алынды. Аскер прокуратурасына, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү жиберилди. Макулдук берилсе, Калиева бул иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Конституция боюнча Кыргызстанда бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей”.

Бирок ушул тапта сотторду жазага тартууга макулдук берген Тартип комиссиясынын иши токтоп турат. Аталган комиссиянын жаңы курамы толук түзүлө элек. Буга чейин иштеген комиссиянын иштөө мөөнөтү өткөн айда аяктаган. Ошондуктан алар Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага байланыштуу маселени карар-карабасы белгисиз.

27-ноябрда Тартип комиссиясынын алты адамдан турган жаңы курамы ишин баштаган. Бирок президенттин квотасы менен келген бир адам башка кызматка кеткендигине байланыштуу курамдан чыккан. Ушул тапта Тартип комиссиясынын беш мүчөсү бар. Мыйзамга ылайык, комиссияга мүчө тогуз адамдын кеминде алтоо болгондо гана алар кеңешме өткөрө алат. Ошондуктан кворум жоктугуна байланыштуу алар жыйындарын токтоткон. Тартип комиссиясынын курамында тогуз киши болот. Үч судьянын талапкерлигин Жогорку Кеңеш, үч талапкерди президент, калганын Жогорку сот көрсөтөт. Учурда Жогорку Кеңеш өз талапкерлерин көрсөтө элек.

Ошентсе да жогорку бийлик бутагы болгон Жогорку соттун төрайымына карата козголгон кылмыш иши коомчулукта түрдүү пикир жаратып жатат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буларга токтолду.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

“УКМК менен Жогорку соттун билдирүүлөрүндө кызматтык этика сакталбай калды. Эки жетекчи жолугуп, сүйлөшүп туруп анан коомчулукка алып чыгышса болмок. Атайын кызматтын билдирүүсү соттун кадыр-баркын белгилүү бир деңгээлде түшүрүшү мүмкүн. Бирок жогорку бийлик бутагынын башында турган адамдын өзүнө жараша болот. Эгер Калиевага айтылган айыптоолор аныкталса, Тартип комиссиясы макулдук берсе ал жоопко тартылышы керек”.

Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, соттор кол тийбестикке ээ жана үч бийлик бутагынын бири катары көз карандысыз иш алып барат. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкары учурларда камакка алынбашы керек.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев буларга токтолду:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

“Сот бийлиги парламент менен президенттен көз карандысыз болгудай механизми болушу керек. Алар өз алдынча болушу керек. Мамлекет муну камсыздап бериши абзел. Учурда сотторду президенттин администрациясы башкарат. Мындай болбойт. Ал эми судья чындап кылмыш иштерге аралашса, ал сөзсүз жоопко тартылышы керек”.

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген.

Анын айтымында, «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупция үчүн эки ишкананын жетекчиси кармалган. Атайын кызмат Жогорку сот IT-компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке 8 миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт.

Пикирлерди көрүңүз (34)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG