Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

«Аткаминерлер өз кадырын өтө кымбат баалашат»


Бегаим Усенова.

«Медиа Полиси Институту» уюмунун директору Бегаим Усенова журналистика чындыктын акыркы инстанциясы болуп калганын айтты.

Бул уюмдун түптөлгөнүнө 22-декабрда 15 жыл болду. Сөз эркиндигин, журналисттердин укуктарын коргоо жана өлкөдө эркин маалымат мейкиндигин өнүктүрүү максатын көздөгөн «Медиа Полиси Институту» 2005-жылдын 22-декабрында негизделген.

15 жыл аралыгында уюм журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу үч миңден ашуун акысыз юридикалык консультация берип, медиа керектөөчүлөр үчүн 200дөй окутуу долбоорун ишке ашырды.

Мындан тышкары уюмдун юристтери журналисттерди жана ЖМКларды коргоп 370 соттук ишке катышты.

Уюм сөз эркиндигине байланыштуу 200дөн ашык расмий кайрылуу жана билдирүү таратты. Жарандардын пикирин эркин билдирүү укугу бузулган учурлар боюнча 300гө жакын аналитикалык маалымат жана юридикалык комментарий даярдады. Учурда уюмда төрт юрист иштейт.

- Сиздердин уюм 2005-жылы түптөлгөндөн бери журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына үч миңден ашуун юридикалык кеп-кеңеш бериптир. Бул санды конкреттештирип айта аласызбы? Көбүнчө журналисттерге кандай учурларда кеңеш берилет жана кандай багыттагы кеп-кеңештер басымдуулук кылат?

- Бизге ар кандай темадагы маселелер менен кайрылышат. Мисалы, кандайдыр бир тыюунун же чектөөнүн мыйзамдуулугуна байланыштуу кеңеш сурашат. Жумуштагы маселелер менен да кайрылгандар бар. Жалпыга маалымдоо каражатын түптөөгө, каттатууга байланышкан иштерде да көмөк сурашат. Жалпылап айтканда, биз журналисттин укуктарына, милдеттерине жана медиага тиешеси бар мыйзамдарга таандык иштердин баарында жардамдашып, суроолоруна жооп бергенге аракет кылабыз.


- Силердин 15 жылдык ишмердигиңерде парламент депутаттары жана президенттер бир канча жолу алмашты. Кайсы жылдары же кайсы бийликтин тушунда журналисттер укуктук жардамга өзгөчө муктаж болду?

- Сиздин бул сурооңузга ушакты декриминализациялоого байланышкан аракеттер тууралуу жалпылап жооп беришим мүмкүн. «Бийликти сындаганы үчүн, кайсы бир коомдук кишинин кадыр-баркына шек келтирген иликтөө үчүн» кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам долбоору, мындайча айтканда, сөз үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну тыюу эрежеси 2007-жылга чейин парламентте төрт жолу талкууланып, кабыл алынган эмес.

2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынганда ушундай берене Баш мыйзамга кошулган. Андан бери сөз эркиндиги «гүлдөдү» десек болот. Мисалы, 1990-жылдары, 2000-жылдары журналисттердин ишмердигине тыюу салынган, аларды эркиндигинен ажыраткан учурлар болгон. 2005-жылдан кийин журналисттерди коркутуп, уруп-сабаган, ал тургай өлтүргөн окуялар катталды. 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынган соң сөз эркиндигин өнүктүрүүгө шарт түзүлдү.

Андан берки байкаганымды айтсам, журналисттерди же маалымат каражаттарын сотко берген белгилүү кишилер дайыма миллиондогон суммада доо коюшат. Эмнегедир алар өздөрүнүн кадыр-баркын карапайым кишилерге караганда кымбат баалашат. Сот алардын талабын канааттандырганы менен, чечимдери адилеттүү эле болгон. Мисалы, журналист же маалымат каражаты канча акча төлөй ала турганы, каржылык абалы, жагдайы кандай экени эске алынган. Бирок баары 2017-жылы өзгөрүп кетти. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди сотко берип, миллиондогон доо койгондо анын талабы канааттандырылды. Бул окуя ошол кезде кыйла өнүгүп келаткан сөз эркиндигине сокку урду.

Конституцияда сөз эркиндиги корголгонуна карабай, 2018-жылы журналисттер суракка чакырылган фактылар болду. Негизи, мындай көрүнүш 2016-жылдан башталды десек да болот.

Көп жылдык тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, кандай гана бийлик болбосун, журналисттер коррупция тууралуу айтып, ага коомдун жана мамлекеттин көңүлүн бура алат. Биз болсо мамлекеттик органдардагы жемкорлукту ачык айтып чыкканы үчүн басымга кабылып жаткан журналисттерди коргойбуз. Дайыма сөз эркиндиги тарапта болобуз. Бийлик алмаша берет. Баары эле алар журналисттердин «бурамасын бураганга» аракет кылышат, андан башканы эптей алышпайт сыягы.


- Журналисттердин өздөрүнүн укуктук сабаты тууралуу эмне айта аласыз? Алар ишмердигине байланыштуу укуктук маселелерди канчалык билишет?

- Менимче эмне жаман, эмне жакшы, эмне мүмкүн же мүмкүн эмес экени жөнүндө жарандардын баарында жалпы түшүнүк бар. Журналисттер сыяктуу интеллектуалдык жумушта иштегендерде андай түшүнүктөр дурус эле калыптанган.

Соңку бир канча жылдан бери санарип доорго өтүп жатпайбызбы. Көп маселелер өзгөрүүдө. Мисалы, «WhatsApp» аркылуу, социалдык түйүндөрдөн комментарий же сүрөт алууга байланышкан так эрежелер азырынча жок. Же болбосо маалыматты өчүрүп салган учурларды алалы, ушул өңдүү жагдайларда кээде суроолор ачык калып калат. Журналисттер кеп-кеңеш сурашат. Биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиз менен да сүйлөшөбүз. Жалпылап айтканда, санарип доорго байланышкан суроолорго анык жооптор азырынча жок.

- 2020-жылы журналисттерге байланыштуу канча сот иши болду? Ушул тапта сиздердин уюмдагы юристтер канча журналисттин укугун коргоо менен алек?

- Бул жылы 20 соттук иш болду. Негизинен баары Бишкекте жана дээрлик таанымал маалымат каражаттарына байланыштуу. Сотко бергендердин бардыгы жогорку мансаптуу адамдар, коомго белгилүү кишилер. Карапайым адамдар деле сотко беришет, бирок алар менен тил табышуу оңой.

Азыр социалдык тармактар аркылуу коркутуп-үркүтүү тенденциясы күч алды. «Онлайн тролль» катары жалданган адамдар укуктук милдеттерди билбей эле, саясий күчтөрдүн курмандыгы катары журналисттерди жамандаганга, коркутканга өтүшөт.

Баарыбыз эле ката кетиребиз да. Журналисттерде деле андай жагдайлар болот. Мыкты журналист фактыларды көбүрөөк текшерет, тең салмактуулукка көңүл бурат жана ар тараптуу маалымат бергенге аракет кылат. Бирок ката кетирип коюшу мүмкүн. Мындай учурларда маалымат каражаттарын сотко беришкенде медиа уюмдар жоопкерчилик алууга даяр. Мисалы, төгүндөө бергенге, каржылык мүмкүнчүлүгүнө ылайыктуу моралдык кенемте төлөөгө макул. Бая айтканымдай, жөнөкөй адамдар менен тил табышуу оңой. Аткаминерлер, саясатчылар жана белгилүү кишилер болсо журналисттер алардын сындаганды токтотушун көбүрөөк каалашат. Доо аркылуу алардын оозун жабууга аракет кылышат. Албетте, мындай учурлар аябай резонанс жаратат. Бирок тескерисинче, ошол аткаминелердин өздөрүнө коомдун сынын күчөтөт.

Биз аймактардагы журналисттерге да көмөктөшөбүз. Кээде облустарга өзүбүз барабыз же болбосо ошол жакта жашаган адвокаттарды жалдап беребиз.

Белгилеп коюшум керек, биз жалаң эле соттук иштер менен алектенбейбиз. Мыйзам чыгаруу жараяндарына, сөз эркиндигине байланыштуу айрым стратегиялык маселелерге катышабыз. Кыргызстанда журналистика канчалык эркин жана жоопкерчиликтүү болсо жана сөз эркиндиги чектелбесе, өлкөбүз өнүгөт.


- Акыркы жылдары кыргыз журналистикасында коррупциянын бетин ачкан бир канча иликтөөлөр жарыяланды. Журналистикадагы иликтөө жанрында кыйла өсүш болду. Иликтөөчү журналисттин коопсуздугу кандай? Алар өзүн коопсуз сезе алышабы?

- Мамлекет үчүн маанилүү кандайдыр бир окуялар болгон кезде журналисттин коопсуздугу дайыма маанилүү. Кабарчылар бүдөмүк суроолорго жооп издешет. Андай иликтөөлөрдүн фигуранттары жөнөкөй адамдар эмес. Алар журналисттер «жарыкты жандырып», туура эмес иштерин башкаларга көрсөтүп койгонуна нааразы. Мындай учурда журналистти жамандап, көө сүрткөнгө, коркутканга өтүшөт, фейк маалыматтарды таратышат. Кээде журналисттер кимдир-бирөөнүн коррупцияга байланышы бар экенин казып чыгышса, «бул туура эмес» деп кутулганга аракет кылышат.

Азыр социалдык тармактар аркылуу коркутуп-үркүтүү тенденциясы күч алды. «Онлайн тролль» катары жалданган адамдар укуктук милдеттерди билбей эле, саясий күчтөрдүн курмандыгы катары журналисттерди жамандаганга, коркутканга өтүшөт. Мындай учурда ошолорду жалдаган саясатчылар, белгилүү кишилер моралдык жоопкерчиликти сезүүгө тийиш. Тарапташтарын укукту тебелебөөгө, баарын мыйзам менен чечүүгө үндөшү зарыл.

Аткаминерлер маалымат каражаттарын жамандап, жыйынтыгында өздөрү сындын чордонунда болуп калбоого аракет кылышы керек.

Айрыкча президенттикке талапкерлигин койгондор маалымат каражаттарынын маанилүү экенин аңдай билүүгө тийиш. Анткени Кыргызстанда журналисттер жана маалымат каражаттары чындыктын акыркы инстанциясы болуп калды. Жөнөкөй адамдар өздөрүнүн укуктарын коргош үчүн журналисттерге үмүт артышат.

Сөз эркиндиги коркунучтабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:09 0:00

XS
SM
MD
LG