Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Партиялар журналисттерге убада беришти


Президент Сооронбай Жээнбековдун жылдык басма сөз жыйынына чогулган журналисттер. Декабрь, 2019-жыл.

Кыргызстанда медиа коомчулук парламентке бараткан партиялар менен сөз эркиндиги боюнча меморандумга кол коюп, партиялардын «сөз эркиндигин коргойбуз» деген убадаларын алды.

Юридикалык күчү жок бул келишим иш жүзүндө кандай күчкө ээ болоруна тараптар өздөрү да азырынча көзү жетпей турган чагы.

Иштейт деген үмүт бар

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттарынын ортосундагы меморандум «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» деп аталат. Ага шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын бардыгы кол койду. Келишимге демилгечи болгон «Медиа диалог» уюмунун билдиргенине караганда, бул - коомдук келишим, андыктан анын юридикалык күчү жок.

Демилгечи топтун мүчөсү, медиа-эксперт Марс Тулегенов билдиргендей, келишимге кол койгон саясий партиялар андагы сөз эркиндигин коргоо тууралуу шарттарга макулдугун билдиришти:

«Азыркы тарап жаткан парламент сөз эркиндигине карата өзүнүн туура эмес мамилесин көрсөттү. Буга «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору бир мисал. Мындан тышкары акыркы убактарда өз оюн эркин айткан адамды таап чыгып, кечирим суратуу адатка айланды. Бийликтеги, жогорку кызматтагы адамдар маалымат каражаттарын, журналисттерди сотко берип, миллион сомдорго айыпка жыгууга өтүп алышты. Мунун баары бизди кабатыр кылат. Ошондуктан биз өзүбүздүн демилге менен парламентке бараткан саясий партияларга ушул нерсени алдын-ала айтып, кулак кагыш кылууну чечтик. Алдын-ала эскертип, «силер ушуларды эске алгыла, парламентке барганда унутуп калбагыла» деп, алардын убадасын алдык. Бирок канчалык деңгээлде ал ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт».

«Бардык эркиндиктин чеги бар...»

«Сөз эркиндиги тууралуу келишим» деп аталган меморандумда айтылган 16 шартка ылайык, партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиага тиешелүү мыйзамдар сөз эркиндигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Социалдык тармакта, Интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартууну токтотуу зарыл. Ага кол койгон партиялардын өкүлдөрү да келишим жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу пикирлери менен бөлүштү. Алардын көпчүлүгү кыргызда өз оюн ачык айтууга эзелтен тыюу салынбаганын белгилеп, демилгени колдоого аларын билдирди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз, ошол эле кезде эркиндиктин чеги, жопкерчилиги болорун айтып, анын сөзгө, медиага да тиешеси бар экенин эске салды:

«Ошол эркиндиктин чегин билбегендик көбүнчө соттошууга алып келет. Байыркы Библияда да «адам каалаганын сүйлөй алат, ага эч ким, эч нерсе жолтоо боло албайт. Бирок ал сөзүнө жооп бере билиши керек» деп жазылып турат».

«Биримдик» партиясынын өкүлү Галина Кетова да журналисттерди туура, чын маалыматтарды таратууга чакырды. Анын пикири боюнча пандемия учурунда оорудан көз жумгандардын көпчүлүгү фейк маалыматтардын курмандыгы болуптур.

«Сөз эркиндиги тууралуу келишимде» жазылган шарттардын ичинде орто жана жогорку билим берүү программаларына медиа сабаттуулукка окутуу тууралуу талап да жазылган. «Бир Бол» саясий партиясынын өкүлү Гүлнура Төралиева мындай медиа ликбезди Жогорку Кеңештен баштоону сунуш кылды:

Гүлнура Төралиева.
Гүлнура Төралиева.

«Бүгүнкү иш-чарада чыгып сүйлөгөн айрым талапкерлердин маанайынан эле жаңы курам парламентке келери менен мурунку көрүнүш кайталанары байкалды. Ошондуктан мен сиздерге орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутулуучу медиа сабаттуулук программасын Жогорку Кеңештин депутаттарын окутуудан башташ керек деп сунуш кылам. Алар маалымат каражаттарынын ролун, сөз эркиндигинин маанисин толук түшүнүшү зарыл».

Багы ачылбаган сөз эркиндиги...

Кыргызстандагы сөз эркиндиги Баш мыйзамдын кепилдиги менен коргоого алынган. Бирок эгемен Кыргызстандын тарыхында парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошкон учурлар көп.

Өлкөнүн алгачкы президенти Аскар Акаевден тартып мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге чейин жетекчилер бир катар маалымат каражаттарын сотко берип, алардан миллион сомдоп айыппул өндүрүлүп, айрым журналисттер жазганы үчүн камалган. Мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары журналисттерди, маалымат каражаттарын сотко берип, айыпка жыккан учурлар ондоп саналат.

Акыбал акыркы жылдары да көңүл жылытарлык эмес. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, 2017-жылы «Сентябрь» телеканалы сот чечими менен жабылган. 2019-жылы августта Алмазбек Атамбаевге карата тергөө иштерине байланыштуу соттун чечими менен «Медиа Форум» акционердик коомунун жана «Апрель ТВ» телеканалынын мүлкү камакка коюлган. Учурда «Сентябрь» телеканалы «Жалбырак ТВ» деген аталышта ишмердүүлүгүн Интернетте улантып жатат. «Апрель ТВ» каналы да Интернетте иштейт. Быйыл июль айында президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлүп, Change.org сайтына петиция жарыяланган. Эртеси күнү сайт ачылбай калган. Сентябрь айынын аягында сайт кайра иштей баштаганы маалым болду.

Жогорку Кеңеш быйыл 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган. Парламенттеги айрым депутаттар жана жарандык коом бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сындап, катуу каршылык көрсөткөн.

Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан.

3-августта президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарды.

Жээнбеков мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, укуктук мамилелердин субъектилерин, аны ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык өңүттөрүн коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгыш керек деп эсептейт.

22-сентябрь күнү Жогорку сот «Азия Ньюс» басылмасына карата мурдагы сот бутактарынын чечими өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө тийиш. Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макалалар, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Министрдин доо арызын алгач Бишкектин Октябрь райондук соту карап, былтыр декабрда Жунушалиевдин пайдасына чечим чыгарган жана гезитти миллион сом айыпка жыккан. Буга чейин «Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, миллион сомдук доого жыкканы белгилүү. Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен соттошуп, ага 15 миң сом төлөй турган болгон.

«Саясатчылар менен түзүлгөн келишимдер бат унутулат»

«Kloop.kg» сайтынын редактору Бектур Искендер келишимге кол коюудан баш тартты. Ал мунун себебин Конституцияда жазылып турган мыйзам аткарылбай жатканы менен түшүндүрдү:

«Кыргызстанда сөз эркиндиги Баш мыйзамда корголгон. Бирок иш жүзүндө кандай? Ошондуктан, партиялар Баш мыйзамдагы сөз эркиндигин сактоо тууралуу мыйзамды сакташын гана күтөбүз, мыйзамды бузбайт деп ишенебиз. Анда бизге эч кандай меморандумдардын, келишимдердин кереги жок. Анын үстүнө сиз жакшы билесиз, Кыргызстанда саясатчылар, партиялар менен түзүлгөн келишим, меморандумдар дээрлик иштебейт, алар бат эле унутулат. Ошондуктан биз келишимге кол коюудан баш тарттык».

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун 2020-жылга карата дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги басма сөз эркиндиги талданган баяндамасында Кыргызстан 82-орунду ээлеген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG