Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

ФКК Навальныйдын иликтөөсүн «чагым» деп атады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышынын жагдайларын ашкере кылган журналисттик иликтөөнү чагым деп баалады. Ал эми Навальныйдын өзүн ууландыруу операциясына катышкан ФККнын кызматкери менен сүйлөшүүсүн жасалма деп сыпаттаган. Бул тууралуу орус атайын кызматы оппозициячыл саясатчы кезектеги иликтөөсүн жарыялаган соң мамлекеттик маалымат каражаттарына билдирген.

21-декабрда Алексей Навальный өзүн ууландырган деген коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялаган. Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан ФККнын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен чалып чыккан. Алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен «Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы катары өзүн тааныштырып» сүйлөшкөн.

Анын жүрүшүндө Кудрявцев саясатчыны ууландыруу операциясына катышканын жана «эгер Навальный түшкөн учак дароо Томскиге конбогондо ал каза болмок» деген пикирин айткан.

Алексей Навальный бул видеону «Youtube» порталына жарыялаган бир сутка ичинде 12 миллионго жакын адам көрдү.

Навальный августта Томск шаарынан Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип, учак жакыныраак шаар болгон Омск шаарынын аба майданына кондурулган. Тез жардам көрсөтүлгөн соң, ал Берлиндеги клиникага которулган. Европалык бир нече лаборатория 44 жаштагы орус оппозициячыл саясатчысы ууландырылганын тастыкташкан.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Кремль оппозиционердин ууландырылышына өзүнүн тиешеси жок экенин айтып, четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG