Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусия Евробиримдиктин өкүлдөрүнө карата санкциясын кеңейтти


Орус президенти Влдамимир Путин.
Орус президенти Влдамимир Путин.

Орусия Европа Биримдигинин кызмат адамдарына карата санкциялар тизмесин кеңейтти. Орус бийлиги мындай чечимди оппозиционер Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкцияларына жооп иретинде киргизди.

Тышкы иштер министрлигинин 22-декабрда тараткан маалыматы боюнча, Орусияга каршы санкцияларды даярдоого катышкан Еврошаркет өлкөлөрүнүн жана андагы институттардын өкүлдөрүнө Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Тизмедеги адамдардын аты-жөнү так жарыялана элек. Бирок санкция салынгандардын арасында Германиянын, Франциянын, Швециянын жана Евробиримдиктин Москвадагы делегациясынын мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Буга чейин Европа Биримдиги атайын адистердин бүтүмүнөн соң оппозиционер Алексей Навальный «Новичок» уусу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келген. Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын алты жаранына, анын ичинде президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенкого, Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковго жана башка адамдарга санкция киргизген.

Орусиялык оппозиционер, президент Путиндин элдешкис оппоненти Алексей Навальный август айында Томскиде ууланган. Анын артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турарын ашкерелеген журналисттик иликтөөлөр жарыяланган. Бирок Кремль айтылган дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG