Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Эстон тышкы иштер министри СССРдин идеологиясына укуктук баа берилишин талап кылды


Урмас Рейнсалу. Эстониянын тышкы иштер министри.
Урмас Рейнсалу. Эстониянын тышкы иштер министри.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу эл аралык сот Советтер Союзунун антигумандык идеологиясына укуктук баа берүүгө тийиш деп эсептейт.

Ал “Фейсбуктагы” баракчасында "Балтика боюндагы өлкөлөр Союздун курамына жергиликтүү бийликтин макулдугу менен киришкени" тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин айткандары калп экенин жазды.

Орус президенти Владимир Путиндин Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу макаласы 18-июнда "The National Interest" басылмасына жарыяланган.

Анда Орусиянын мамлекет башчысы согуштун себеби жана анын азыркы тарыхка таасири тууралуу ою менен бөлүшкөн. Путин Литва, Латвия жана Эстония Молотов – Риббентроп пактына ылайык Союзга кошулганы ошол мезгилдеги эл аралык жана мамлекеттик укук нормаларына жооп берерин белгилеген. Балтика боюндагы өлкөлөр тилин жана бийлигин сактап калган деп жазган Путин.

Путиндин макаласынан кийин Балтика боюндагы өлкөлөр тарыхый фактыны бурмаланганына нааразылык билдирип чыгышты. Үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтерине Орусиянын элчилери чакырылган. Аларга жакында эле Мамдуманын кароосуна жиберилген 1989-жылкы токтомду жокко чыгаруу демилгесине нааразылык айтылган.

Орусиянын Таллиндеги элчиси Александр Петров өз кезегинде Путиндин макаласы Эстониянын бийлигине Экинчи дүйнөлүк согушка башкача баа беришине мүмкүнчүлүк берет деп билдирген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер комитети 9-июнда “Молотов-Риббентроп” пактысын сындаган токтомду жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон. Жалпы палатага документ качан чыгарылары азырынча белгисиз.

1989-жылы СССР Эл депутаттарынын съездинде 1939-жылы Орусия менен Германиянын ортосунда “кол салышпоо” тууралуу түзүлгөн келишимге саясий жана укуктук баа берүү тууралуу токтом кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG