Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Латвия Беларустун Хоккей федерациясынын башчысын «кара тизмеге» киргизди


Александр Лукашенко жана Дмитрий Басков.
Александр Лукашенко жана Дмитрий Басков.

Латвия Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Басковду «кара тизмеге» киргизди. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс 16-ноябрдан баштап Басковду Латвияга киришине тыюу салган буйрукка кол койду.

«Литва, Эстония менен бирге биздин балтиялык кара тизмени кеңейтип, Беларустагы тынч нааразылык акцияларына күч колдонуп жаткан адамдарды кошобуз», деп жазды министр «Твиттердеги» баракчасына.

Бул аркылуу Балтика жээгиндеги өлкө Беларустун 2021-жылдагы хоккей боюнча чемпионатты өткөрүшүнө тоскоол болгусу келет.

2021-жылдагы чемпионатты Беларуста жана Литвада өткөрүү боюнча чечи кабыл алынган. Бирок Литванын бийлиги Эл аралык хоккей федерациясына кайрылып, турнирди жалгыз өткөрүүнү суранган. Эгер мындай чечим кабыл алынса хоккейди сүйүктүү спорту катары айтып келген Александр Лукашенкого карата сокку болушу мүмкүн.

Дмитрий Басков - Беларустун Хоккей федерациясынын жана «Динамо-Минск» командасынын президенти. Ал Александр Лукашенконун жакын санаалашы катары да белгилүү.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG