Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Өкмөт этти Беларустан алып Кытайга саткысы келет


Мал базар.
Мал базар.

Кыргызстан Кытайга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоого аракеттенүүдө. Эттин көлөмүн чыгарыш үчүн малды башка өлкөлөрдөн сатып алуу шарты каралууда. Эгер бул демилге ишке ашса Кыргызстандан Кытайга бир күндө кеминде 60 тонна эт жеткирет.

Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай министри Тилек Токтогазиев 12-январда өкмөттүн журналисттер үчүн уюштурулган брифингинде Кыргызстан айыл чарба азыктарын, чийки затты кайра иштетип сатуучу хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айтты.

Токтогазиевдин маалыматы боюнча учурда Бириккен Араб Эмираттарына аптасына 40 тонна эт сатуу боюнча келишим бар. Мындан сырткары Кытайга күн сайын 60 тоннага чейин эт сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Токтогазиев муну ишке ашырыш үчүн транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдаланууга туура келерин белгиледи:

«Биз аймактагы транзиттик мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалансак болот. Биз өзүбүздүн эле азык-түлүктү сатпай, башкалардын эт-сүтүн да кайра иштетип сатсак болот. Азыр Казакстандан, Орусиядан, Монголиядан, Беларустан жана Украинадан арзан мал сатып алууну сүйлөшүп жатабыз. Аларды эт түрүндө Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Кытайга сатсак болот».

Деген менен өкмөттүн бул аракетине сын көз менен карагандар да бар. Алар Айыл чарба министрлиги өндүрүшкө шарт түзүп, ата мекендик ишкерлерге артыкчылык бериши керек деген жүйөнү карманып турушат.

Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов Кыргызстандын этти реэкспорт кылуу мүмкүнчүлүгүн мындайча чечмелеп берди:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

«Мындай жомокторду биз көп жылдан бери угуп келе жатабыз. Айыл чарба министрлигинин милдети – бул айыл чарба өндүрүмүн биринчи тепкичте өздөштүрүү жана ошого багыт берүү болуп саналат. Беларустан алып келип Кытайга сатуу акылга сыйбайт. Керек болсо Кытай Беларустан биринчи тээ Аргентинага тезирээк жетет. Беларустан Кыргызстанга эттин келиши бажылык алымдарды кошкондо 1 килограммы 330 сомдон болот экен, транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдалансак болот деп жатышат. Бирок ал жактан биздин жардамыбыз жок эле башка өлкөлөр деле ташый алат да».

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, 2020-жылдын тогуз айында эттин жана эт азыктарынын экспорту 496,7 миң долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз эсе азайды (4,1 млн. АКШ доллары). Экспорттун ичинде кой-эчкинин эти жана тоңдурулган уй эти басымдуулук кылат.

Экономист Азамат Аттокуров бир катар мамлекеттер Кыргызстанда өндүрүлгөн этти талап кыларын айтты. Ушундан улам башка өлкөлөрдөн ташылган этти реэкспорт кылууда өкмөттү чаташтырып албоого чакырды:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Мен өкмөттүн планын толук билбейт экенмин. Бирок мындай реэкспортту көп мамлекеттер кылып эле жатат. Ошол эле Беларус бананды Орусияга реэкспорт кылат. Бирок аны ЕАЭБдин аймагында кылуу мүмкүн эмес. Ага Орусия бөгөт коёт. Ал эми ЕАЭБден башка мамлекеттерге чыгаруу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстанга Казакстан менен Украинадан келген тоок эттери Өзбекстан менен Тажикстанга Кыргызстандын бренди катары эле кирип жатат. Бирок канчалык мыйзамдуу? Мен муну так билбейт экенмин. Ошондой болсо да Беларустан ташылат деген этти кытайлык өнөктөштөр так жана анык билиши керек. Беларустан алып, «Кыргызстанда жасалган» деп алдоо туура эмес. Анткени Кытай менен араб өлкөлөрү Кыргызстанда өндүрүлгөн этке талабын күчөттү. Эгер биз Беларустан келген этти кайра иштетип туруп сатсак, анда туура болот. Бул өндүрүш багытында жүргүзүлгөн иш болуп эсептелет».

2019-жыл тогуз айындагы жана 2020-жылдын тогуз айындагы Кыргызстандын мал экспортунун көрсөткүчү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
2019-жыл тогуз айындагы жана 2020-жылдын тогуз айындагы Кыргызстандын мал экспортунун көрсөткүчү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Ал эми Кыргызстандагы мал-жандык негизинен коңшу Өзбекстанга жана Тажикстанга тирүүлөй сатылат. Аталган өлкөлөрдө эттин наркы Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат. Төрт түлүктүн сыртка сатылышы айрыкча 2020-жылдын күз айларында өзгөчө кызыган.

Бул тенденция Кыргызстандагы малды эселеп кымбаттаткан. Улуттук статистика комитети 2020-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандан тышка сатылган малдын эсебин чыгарып, 2019-жылга салыштырмалуу бодо мал 11-12 эсе, кой-эчкинин 6-7 эсе көп сатылганын белгилеген.

Эт кымбаттаса эл, мал арзандаса фермер нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:19 0:00

Бул көрүнүштөн кийин өкмөт 2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салды. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу менен түшүндүрүп, анын ичинде тирүү малды экспорттоону жандыктардын ургаачы түрү азайып кетүү коркунучу менен байланыштырган. Бирок бул чектөө айрым фермерлерди нааразы кылган.

Кочкор районунда асыл тукум чарбасы бар ишкер Бактыбек Мамарасулов фермерлер өкмөттүн колдоосуна муктаж экенин белгиледи:

«Элде мүмкүнчүлүк болсо мен асыл тукум малдын башын көбөйткөнгө жардам берет элем. Азыр эл малдын асылдуулугун арттыргысы келет. Бирок мүмкүнчүлүгү жок».

2021-жылга карата айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында фермерлерди колдоо үчүн 6 миллиард сом бөлүнгөн. Бул «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жүргүзүлөт. Бөлүнгөн акча 5-6 пайыздан 10% чейинки үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров малдын асылдуулугун арттыруу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди:

Нурбек Сатаров.
Нурбек Сатаров.

«Жакында эле Ат-Башыдагы бир фермер «Арашан» породасындагы 20 баш кой алып келди. Дагы бир фермер «Кисар» түрүндөгү 40 баш кой сатып алды. Дагы алып келүү планыбыз бар. Мындан сырткары асыл тукум саналган эт багытындагы 100 баш уй алып келдик. Ошондой эле малды бордоп семиртүү боюнча атайын база ачуу алдында турабыз. Жабдыктарга буйрутма бергенбиз. Учурда эл менен кеңешип кимге кандай тоют керектиги боюнча сүйлөшүп жатабыз. Эгер биздин демилгени эл колдоп берсе асыл тукум малды бир жылдын ичинде көбөйтүп алсак болот».

Кыргызстанда эттин баасы 2020-жылдын экинчи жарымынан баштап өсө баштады. Ага чейин 350 сомдон ашпаган эт азыр 450-500 сомду чапчыды.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылкы эсебинде, Кыргызстанда 1 млн. 680 миң ири мүйүздүү мал, 6 млн. 266 миңден ашык кой-эчки, 522 миңден ашык жылкы бар.

XS
SM
MD
LG