Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Жайыт тарыганы элдин ыркы кетти


Суусамыр
Суусамыр

Кыргызстандагы жайыт талаш 11-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү бул маселеге байланыштуу атайын комиссия түзүүнү өкмөттөн талап кылышты.

Адистер жайыттарды туура эмес пайдалануу бул жааттагы бирдиктүү жана туруктуу саяcаттын жоктугу талаштын күчөшүнө алып келгенин айтып жатышат.

Ушу тапта Нарындагы эки райондун жайыт талашы бир жаңсыл чечилбей турат. Облустук бийлик бул маселеге чекит кое албай убара.

Депуттардын сыны, бийликтин аракети

Кочкорлук малчылардын жолун тоскон Жерге-Тал айылынын тургундары Кум-Бел жайлоосунун кире беришинен жылбай турушат. 5-июнда жайлоого көчүп бараткан Кочкор районунун малчыларынын жолу беш күнгө чейин ачылбай, 10-июнда аргасыз артка кайткан.

Азыр алар Кочкор районуна тийиштүү, бирок Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтү узак мөөнөткө пайдаланууга алган Кара-Кужур өрөөнүнө барышат.

Эми кочкорлук малчылар Кара-Кужурда көп жылдан бери отурукташып калган чабандар менен батышабы же ал жерде да чатак чыгып кетиши мүмкүнбү деген суроо жаралат.

Жайытка киргизбейбиз деп жолду бууган жергеталдыктар өкмөттүн саясатына нааразы экенин Кум-Бел жайлоосунда көп жылдан бери мал баккан Куттубек Исаков айтып берди:

Куттубек Исаков.
Куттубек Исаков.

«Кочкордун Ак-Кыя районуна биздин жайлоо союз кезинде эле берилген. Анын ордуна биздин айылга алардын кыштоосу берилип, алмашуу болуптур. Бирок бизге берген кыштоодон дайын жок. Кыштоону бизге берсин, биз жайлообузду беребиз. Мына ушундай саясат кылбай эле элди кыйнап, маселени күч менен чечебиз деп жатышпайбы».

Жайыт талашып, жол бууганга чейин барган элге облус башчысы Эмилбек Алымкулов жолукту. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бирок чогулгандар бийликтин бул кадамдарына ишенген жок.

11-июнда жайыт маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Бир катар депутаттар өкмөттү бул маселени тез арада чечүүгө чакырды. Алар жайыт талаштын айынан район аралык чыр-чатактар болуп жатканына көңүл буруу зарыл экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков өкмөттүн "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизген токтомуна кызыкты:

«Жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу боюнча токтомду эч кимге кеңешпей эле узартып коюптурсуңар. Анын жыйынтыгы эки райондун тургундарын тирештирди. Өкмөттүн мындай маселени эл менен чогуу чече турган мүмкүнчүлүгү жокпу? Силер (өкмөт - ред.) өткөргөн жолугушуулар формалдуу болгонунун натыйжасын көрүп жатабыз. Мунун аягы чоң чатакка айланды. Жергиликтүү тургундар “өкмөт биз менен кеңешпей эле мөөнөттү узартып койду” деп кайрылып жатышат. Эми жергеталдыктарды "Ак-Сай жайлоосуна көчкүлө" деп жатыпсыңар. Алар “Ак-Сайга он күндө жетебиз, он күн жайлоодо болуп, кайра он күндө айылга көчүп келсек, жай бүтүп калат” деп капа болуп жатышат».

Сөз болуп жаткан өкмөттүн токтому 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Анда жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу боюнча убакыт дагы 10 жылга, тактап айтканда 2030-жылга чейин узартылган.

Жыйында айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда малдын саны көбөйүп жаткандыктан жайыт талаш курчуганын, депутаттар айткан сунуш, сын-пикирлер эске алына турганын айтты:

Жаныбек Керималиев.
Жаныбек Керималиев.

«Жайытты узак мөөнөткө пайдаланган айыл өкмөт, район башчылары менен сүйлөшкөнбүз. Талкуулар өтүп, ошонун негизинде токтом чыккан. Учурда Кум-Бел жайлоосу боюнча кырдаал кичине болсо да жөнгө салынды. Бирок комиссия түзүлүп, баарын эсептеп чыкмай болду».

Парламентте жайыт талаш маселесин чечүүнү жергиликтүү бийликке жүктөп койбой, өкмөт деңгээлинде чечилсин деген талап коюлду.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда узак мөөнөткө пайдаланууга берилген 770 миң гектар жайыт бар. Анын 240 миң гектары Нарын районунда жайгашкан.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев жайыт талаштын себебин бир нече фактор менен байланыштырды:

«Бийликтин чабалдыгы. Маселени жеринде чече албайт деп айтсак болот. Дагы бир жагдай – бул мыйзамды сактоо, баш ийүү. Коомчулукта мыйзамды көзгө илбеген илдет бар. Ал эми мыйзамды иштетүү - өкмөттүн жоопкерчилиги. Тилекке каршы, мындай талаштуу маселелер өтө көп. Бирок мындай учурда өкмөт толук кандуу чечип бере албайт. Чечкиндүү кадамдарды жасоого күчү да жетпейт. Дагы бир жагдай – бул туруксуздук, бийликтин таасиринин жоголушу. Мыйзамдардын тез өзгөрүп турушу. Мындай учурда үнү катуураак чыккан, элди көбүрөөк мобилизация кылган тараптыкы оң болуп чыга берген прецеденттин көп болгону. Буга өкмөт бөгөт кое албагандыгы чоң көйгөй жаратууда. Мындан тышкары, мыйзамдын өзүн кабыл алууда да алешемдиктер көп».

Жайытты талкалап бүттүк...

Нарында жайыт талаш жакынкы эки жылдан бери өзгөчө курчуду.

Сөз болуп жаткан Кум-Бел жайлоосунда 2000-жылдары Кытай инвестору алтын комбинатын курмак болуп адырларды түздөгөн. Бирок жергеталдыктардын каршылыгынан улам комбинат курулбай калган.

Учурда бул жайлоодо кыргызстандык ишкердин “Кум-Бел” аттуу алтын комбинаты бар. Жергеталдыктар кен казгандар жайытты тарытып жатканын айтышууда.

Кум-Бел жайлоосуна барчу жолдун жээгине чогулган Жерге-Тал айылынын тургунлары. 06.06.2020
Кум-Бел жайлоосуна барчу жолдун жээгине чогулган Жерге-Тал айылынын тургунлары. 06.06.2020

«Жайлоонун сыйымдуулугун чоңдор кантип эсептеп жатышат билбейм. Боз үй тиккенге жер жок. Өзүбүздүн малчылар булуң-бурчка араң батып отурат. Жайытты кен казгандар талкалап бүткөн. Эми Кочкордон он короо кой келет деп жатышат. Алар кантип батат? Кандай комиссия келип эсептесе да жайытка мал батпайт», - деди Жерге-Тал айылынын тургуну Куттубек Исаков.

Жайыт бир гана мал чарбасы үчүн эмес

Соңку жылдары жайлоолордун экосистемасы бузулганы. кейиштүү абалда экени айтыла баштады. Буга жайыттардын туура эмес пайдалануу, өкмөттүн бул жааттагы бирдиктүү жана туруктуу саяcатынын жоктугу да себеп болууда.

Айыл чарба адиси Тилек Токтогазиев "өкмөт жайыттарды сактап калуу үчүн системалуу программа түзүп чыгышы керек” деп эсептейт.

«​Жайыттарды бөлүштүрүү гана эмес, сапатын көтөрүү боюнча да программа керек. Болбосо мал көбөйгөн сайын кырдаал курчуй берет. Ошондуктан асыл тукум малды багууга өтүү керек. Бул боюнча мамлекеттик башкаруу системасы пландоо программасын ишке киргизиши зарыл»​.

Адистер Кыргызстанда малдын башы көбөйгөн сайын биологиялык ар түрдүүлүк, жер кыртышы эрозияга учурап жатканын белгилешет.

«Мурас» табигый улуттук өнүгүү концепциясынын негиздөөчүсү Азамат Темиркулов 2016-жылдан бери Кыргызстандын жашыл экономикалык өнүгүү моделин иштеп чыгып, бийликке сунуш кылып, колдоо таба алган эмес.

Ал экологияны айыл чарбасынан, малчылык менен дыйканчылыктан өзүнчө бөлүп кароо туура эмес деп эсептейт.

Азамат Темиркулов
Азамат Темиркулов

«Кыргызстандын 90% тоолуу аймак. Жалпылап айтканда, ошол 90% жерде бир эле экономикалык тармак бар. Ал мал чарбачылыгы. Тоо-кен тармагын да айтсак болот. Бирок ал аз эле аянтты ээлейт. Учурда малдын саны көбөйүп, сапаты түштү. Асыл тукум мал дээрлик жок. Уйларыбыз сүттү аз берет. Койдун жүнүн өрттөп жатабыз. Мына ушундай малды эң сонун жайыттарга чыгарабыз. Бир гектарга канча мал жайылышы керек деген норманы эч ким сактаган жок. Ушундан улам 80% жайытыбыз деградация болуп бүттү. Эми жайыт талаш башталды. Бул жалгыз эле мал чарбачылыгынын көйгөйү эмес. Мунун жыйынтыгы кооптуу болушу мүмкүн. Чабандар малын токойдо да жайып жүрүшөт. Мал чөп менен кошо жаңы өсүп келаткан бак-дарактын көчөтүн жеп, тебелеп-тепсеп жатат. Ал эми токойлордун климатты бир калыпта сактап турган касиети бар. Токой абанын температурасын төмөндөтүп, нымдуулугун көбөйтөт. Ал нымдуулук жамгырга жана карга айланат. Ошентип мөңгүлөр сакталат. Азыр мөңгүлөр эрип жатат. Акыркы 50 жылда биз 20% мөңгүнү жоготтук”.

Кыргызстанда жалпы жонунан 10 млн. гектар жайыт бар. Акыркы жылдары малдын саны көбөйүп кеткендиктен жайыт пайдалануу маселеси жаралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG