Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жеке ветеринарга жоопкерчилик жүктөлөт


Мал догдур
Мал догдур

Кыргызстанда жеке ветеринардык кызматты өнүктүрүү жана анын жоопкерчилигин арттыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Мындан ары мал ылаңына каршы вакцинация жүргүзгөн жеке ветеринарлар аттестациядан өткөрүлүп, андан соң берилген укуктун негизинде аларга чегерилген аймактагы эпизоотиялык кырдаал үчүн жоопкерчилик чаралары киргизиле турган болду.

Ыйгарым укук менен жоопкерчилик

“Ветеринария жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр өлкөдө жеке ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды. Ал мыйзам Эл аралык эпизоотикалык бюронун жаныбарлардын саламаттыгы боюнча кодексине шайкеш келтирилери көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоору тиешелүү адистерге ветеринардык практика жүргүзүүгө укук берүүнү жана тиешелүү талаптар боюнча ишти жөнгө салууну көздөйт. Ветеринардык палатада каттоосу жок иштеген жеке мал догдурларга айыппул салынары айтылды.

Парламенттин агрардык саясат жана аймактык өнүгүү комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунун негизги максатына мындайча токтолду:

- Эл аралык эпизоотиялык бюронун талабын эске алып, ага дүйнөдө 180 мамлекет мүчө экенин эске алып, ыйгарым укуктарды аткарууга мамлекет муктаж экенин эске алып жеке ветеринарларга шарт түзүү маселеси келип чыкты. Ошондуктан алардын окуусун, квалификациясын карап, каттоого алалы деген маселе турат.

Өлүмтүктү сатууга уруксат каяктан?

Анткен менен айрым депутаттар мамлекеттик ветеринария тармагы жөнгө салынбай жатканда, жеке мал догдурлардын ишин тескөөгө эрте экенин айтып чыгышты. Бул кошумча коррупциялык тобокелдикке алып келерин айткан кээ бир депутаттар мыйзам долбоору чийки деген жүйө менен аны кайра артка кайтарууну сунушташты.

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаев тармактагы коррупцияны ооздуктай турган ченемдер киргизилмейин, абал өзгөрүлбөй турганынан кеп салды:

- Бүгүнкү күндө шаарларда балдардын оорулары көбөйүп жатканына биринчи кезекте силер күнөөлүүсүңөр. Силер өлгөн малдын этин сатууга уруксат берип, андан колбаса, сосиска жасалып, балээнин бардыгы мына ошондон чыгып жатат. Ооруп өлгөн малга справка берип жатасыңар. Анан анын эти базарда сатылып жатат. Бул жердеги коррупция токтомоюнча бул абал өзгөрбөйт. Андан көрө силер мыйзам долбоорун артка кайтарып, мына ошол коррупцияны канткенде токтото турган чараларды сунуштагыла.

Мамлекет менен өнөктөштүк

Ошол эле кезде эгерде малды дарылоо жана эмдөө үчүн жоопкерчилик жеке ветеринарларга өтсө, мамлекеттик ветеринардык органдын милдети каякта калат деген суроо коюлду. Буга мамлекеттик ветеринарияда адистер жетишсиз деген жооп болду.

Колбасада катылган айыккыс дарт

Колбасада катылган айыккыс дарт

Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) колбаса жана чала бышкан эт адамда рак клеткаларын пайда кыларын жарыялады. Мурда ракты козгочу нерселердин башында чылым турса эми эт азыктары да анын катарына чыкты.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов бул долбоор жеке жана мамлекеттик ветеринарияны айкалыштыруу менен жоопкерчиликти жогорулатууга шарт түзөрүн айтты:

- Жеке ветеринар ыйгарым укукту алуу менен жоопкерчиликти дагы өзүнө алат. Мына ошол сиздер айткандай жалган документ жасабай калат. Бул жерде жеке ветеринарга тилкеси чегерилип, картасы чийилип, андагы малдын башы, кашардын саны кошо бөлүнүп берилет. Ошол аймакта кандай ылаңдар болсо, мына ошонун бардыгы келишимде жазылат. Жеке ветеринар мына ошонун бардыгына жооп берет. Анан биз ошонун бардыгын ага жүктөп коюп, карап турбайбыз. Алардын үстүнөн мамлекеттик ветеринардык адистер көзөмөл жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жеке ветеринарларга ыйгарым укук берүү менен алардын жоопкерчилиги жогорулайт дегенге ишенбейт.

Ишеним жаратпаган демилге

Мында тармакты иретке келтирүү үчүн комплексивдүү чаралар керектигин айткан депутат Кенжебек Бокоев мунун натыйжалуу ишке ашарынан шек санады:

- Азыркы учурда бир дагы жеке ветеринардык дарыгер жоопкерчиликти өзүнө албайт. Ал фермерлердин астында мына ошол күндөн тарта "мен малыңды вакцинация жасадым, эми ал жерде эч кандай ылаң болбойт" деп кепилдик бере албайт. Мына ошондой учурда ага кантип жоопкерчилик жүктөйсүңөр? Ал эмне үчүн силердин ветеринардык палатанын сертификатын алышы кажет? Бул кошумча түйшүк, кошумча баш оору эмеспи?

Мамлекет жыл сайын ветеринария тармагына дары-дармек сатып алууга каражат бөлөт. Кээ бир эпидемияга каршы вакцинация түрлөрү мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт. Бул мыйзам долбоорун кошумча-алымчасы менен толуктап чыгуу сунушу берилди. Ага жеке ветеринариянын ишин уюштуруу жана жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча чараларын киргизүү жагы сунушталды. Мына ошондой талаш-тартыштан соң, мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG