Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Мектепти колдогон көмөкчү чарба


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткал районундагы билим берүү мекемелеринде ата-энелер түптөгөн көмөкчү чарбада мал-жандыктын саны миңден ашты. Жакында эле райондогу эки бала бакчада жергиликтүү тургундар 40тай баш мал берген.

Чаткал районунун Шакафтар айылындагы Юрий Гагарин атындагы мектептин чарбасында 120 кой-эчки багылууда. Көмөкчү чарбаны 2001-жылы ата-энелер өздөрү уюштуруп, аны кармоого сарай да салып беришкен. Жергиликтүү бийлик болсо тоют камдоого мектепке 50 сотых жер бөлгөн.

Мектеп директору Ысак Козубаев чарбанын арты менен бир топ маселелерди өздөрү эле чечип келатканын айтууда.

Ысак Козубаев
Ысак Козубаев

- Көмөкчү чарбанын болгону эң сонун мүмкүнчүлүк деп айтат элем. Анткени мектептин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого жардамы тиет. Биздин чарбадагы кой-эчкинин саны 135ке жеткен. Быйыл мектепти утурумдук оңдоп-түзөө үчүн сатып, 19 300 сом жумшадык. Азыр чарбада 28 баш кой, 12 козу, 64 эчки, 19 улак бар. Ата-энелер мал тоого чыгарыларда санын эсептеп, акт түзүшөт жана тоодон келгенден кийин дагы көзөмөлгө алышат. 50 сотых жерибизге беде эгип, жыйнап алабыз. Тоют жакшы болгон жылы ашыкчасын сатып, жем сатып алабыз. Чарбаны караган адамдын эмгек акысы үчүн чарбадагы козу, улактан айына бирден чегерилет. Бир жылда 12 козу же улак берилет. Эки-үч айда бирден козу же улак балдардын ысык тамагы үчүн колдонулат. Мектептеги айрым көйгөйлөрдү ата-энелер менен чогуу чечип жатабыз. Мисалы, быйыл мектепке компьютер сатып алдык.

Гагарин атындагы орто мектепте 770 бала билим алат. Анын ичинен 336 окуучуга ысык тамак берилет. 70 улак менен башталган алардын чарбасы азыр ири фермага айланган.

Абдыкадыр Исаков
Абдыкадыр Исаков

2000-жылы Сумсар орто мектебинде көмөкчү чарба түзүү демилгеси көтөрүлүп, марафондон түшкөн мал-жандыктар менен уюшулган. Мал киндиктүү айылдыктар мектептерге дайыма колдоо иретинде жандыктарды берип турушат.

Жергиликтүү тургундардын бири Абдыкадыр Исаков буларды айтты:

- Көмөкчү чарбаны ата-энелер түптөгөн. Мектептеги айрым тартыштыктарды өздөрү чечип, балдарга жардам болсун деген максатты көздөйт. Марафондо айрымдар акча кошсо, көпчүлүгү мал-жандык беришкен. Ошонун негизинде чарба түптөлгөн. Бул мектеп үчүн чоң мүмкүнчүлүк, балдардын тамак-ашына колдонсо, кем-өксүгүн да ушуну менен толуктап жатышат. Жыл сайын чарбадагы мал-жандыктын саны көбөйүп жатат.

Кээ бир көмөкчү чарбада кармаган майда мал-жандыктын саны 130га барат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерде саан уйлар багылып, балдарды сүт менен камсыздашат. Чарбадагы мал-жандыктарды ата-энелер комитети, мүчөлөрү көзөмөлгө алышат.

Чаткалдагы көмөкчү чарбалардын бири.
Чаткалдагы көмөкчү чарбалардын бири.

Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагындагы Матиш Исмаил уулу атындагы мектебинин көмөкчү чарбасында 30дан ашуун кой бар. Мал-жандыктарды ата-энелер кеңешип, жергиликтүү тургундун кароосуна беришкен.

Аталган мектептин директору Абдубаит Стамбековдун айтымында, Чаткалда кыш оор жана узакка созулгандыктан жандыктардын санын көбөйтүү кыйын.

Абдубаит Стамбеков
Абдубаит Стамбеков

- Башында чарба иши 15 кой менен башталып, 45ке чейин жеткирдик. Быйылкы кыштан чыгуу үчүн бизге берилген 50 сотых жерге эккен бедебизди эки орум менен жыйнап, 300 таңгак чөп камдап койдук. Чарбадагы койлорду ата-энелер комитетинин жана камкордук көрүү кеңешинин макулдугу менен гана мектептин зарыл жумуштарына жумшап турабыз.

Чаткал районундагы 19 мектепте жана 21 бала бакчада ата-энелердин колдоосу менен көмөкчү чарба уюштурулган. Район акиминин орун басары Асел Чынасова балдарга шарт жаратууга багытталган чарбанын иши өз нугунда жүрүп жатат дейт.

Асель Чынасова
Асель Чынасова

- Райондогу билим берүү мекемелериндеги көмөкчү чарбаларда учурда 1127 мал-жандык бар. Майда мал-жандык жана кара мал багылат. Алардын ичинен 597 баш кой жана козу, 575 баш эчки-улак жана 38 баш кара мал бар. Чарбадагы мал-жандыктары көп мектептердин тизмеси да бар. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Камчыбеков атындагы мектепте 117 баш кой-эчки бар. Сумсардагы мектепте 78 баш кой, 10 баш торпок жана уйлар бар. «Байчечекей» бала бакчасында 58 баш козулуу кой бар. Торпок жана уйлары бар бала бакчаларда сүтү балдарга берилет. Быйыл Гагарин мектебинин оңдоо иштерине чарбадан акча жумшалды. Кайың-Суу мектеби проектор сатып алды. Материалдык-техникалык базаларын чыңдап жатышат.

Жергиликтүү бийлик тарабынан көмөкчү чарбаларды колдоо, тоют жана жайыт үчүн 24 гектар жер берилген. Чаткалдагы төрт бала бакчанын, 11 мектептин жер үлүштөрү бар.

Жакында эле Чаткал районунун Ак-Таш жана Айгыр-Жал айылдарында жаңы балдар бакчалар ачылып, марафон уюштурулду. Анда райондогу мекеме-ишканалардан жана жергиликтүү тургундардан биригип 200 миң сомдон ашык акча, 41 майда жандык жана бир жылкы түшкөн. Малды марафонго негизинен жергиликтүү тургундар беришкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG