Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

АКШ федералдык соту башпаана издегендерге карата Трамптын өкмөтүнүн соңку чектөө далалатына бөгөт койду


АКШнын Ички коопсуздук катчысынын (министринин) милдетин 8-январга чейин аткарган Чал Вулф. 2020-жылдын 1-сентябрындагы сүрөт.
АКШнын Ички коопсуздук катчысынын (министринин) милдетин 8-январга чейин аткарган Чал Вулф. 2020-жылдын 1-сентябрындагы сүрөт.

Кошмо Штаттардын федералдык соту президент Доналд Трамптын мөөнөтү аяктап бара жаткан өкмөтүнүн саясий башпаана издегендердин тагдырына байланыштуу акыркы реформа аракеттерине бөгөт койду. Эгерде Трамптын реформасы ишке ашса, анда айрым саясий башпаана издегендер АКШдагы мындай башпаанадан таптакыр ажырап калышмак.

Калифорния штатындагы райондук сот 8-январдагы чечими менен өкмөттүк иш-аракетти токтотуп, чет өлкөлөрдөн журт которуп келгендердин укуктарын коргогон топторду колдоп чыкты. Бул укук коргоо топтору алиги чектөлөрдү киргизүүгө уруксат берген аткаминердин өзү кызматына толук кирише электе ушундайча чектөө чараларын киргизип жаткан, деп даттанышкан.

11-январда күчүнө кириши керек болгон бул реформалар өз өлкөлөрүндө куугунтукка кабылгандар Кошмо Штаттарда саясий башпаана табуу макамына жетүү үчүн жаңыча жана катаалыраак эрежелерге туш келмек болчу.

Эгерде башпаана издегендердин арыздары “олуттуу эмес” деп табыла турган болсо, анда мындай кишилерге АКШнын коргоосун алуу мүмкүнчүлүгү биротоло жокко чыкмак.

8-январда президент Трамп дал ушул катаал реформаларды жактыруу тууралуу чечим чыгарган убактылуу расмий жетекчи Чад Вулф (Chad Wolf) мырзаны АКШнын Ички коопсуздук катчысы (министри) кызматына сунуштаган өзүнүн мурдагы чечимин кайтарып алган. Вулф мырза 6-январда Трамптын тарапкерлеринин АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийди басып алышын айыптап чыккан эле. (TT)

XS
SM
MD
LG