Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

АКШ-Мексика чегиндеги аскерлер 15 миңге чейин көбөйүшү мүмкүн


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ Мексика менен чек арасына көзөмөлдү күчөтөт. Буга чейин президент Дональд Трамп ал жакка 5200 аскер жөнөткөн. Трамп алардын санын көбөйтөөрүн шаршембиде билдирди.

- Күзөтчүлөргө, иммиграция жана бажы полициясына, дегеле чек арадагы кимге болбосун кошумча жиберилген аскерлерди 10-15 миңге чейин жеткиребиз. Эч ким киргизилбейт. Биз адамдардын кирип кетишине жол бербейбиз, - деди Трамп Борбордук Америкадан АКШны көздөй келаткандарды эске алып.

Адегенде миңдеген киши жөө-жалаңдап Гондурастан чыгып Кошмо Штаттарга бет алган. Аларга жолдон коңшу Гватемала менен Сальвадордун тургундары да кошулду. Алар өз мекениндеги зомбулук менен ачкалыктан качып жумуш, жакшы турмуш издеп баратышканын айтышат.

Миграциялык катаал саясат жүргүзүүгө мурдатан убада берип келген Трамп аларды өткөрүп жибербөөнү Мексикадан талап кылууда. Мексиканын бийлиги башкалка жана жумуш сунуш кылып, айрым мигранттар ошол жакта калууга макул болушкан. Ошентсе да АКШга баруу ниетинен кайтпагандар да аз эмес.

22-октябрда Бириккен Улуттар Уюму мигранттар колоннасына 7 миңден ашуун киши кошулганын билдирген. Бирок алар топ-топко бөлүнүп жүрүшкөндүктөн так санын айтуу кыйын.

Эгер Мексика менен чек арадагы аскерлер 15 миңге жеткирилсе, бул сан Ирак менен Сириядагы террордук топко каршы күрөшкөн америкалык аскерлердин санынан ашат.

XS
SM
MD
LG