Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Трамп иммиграцияны тыйган жарлык чыгарарын билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп 20-апрелде Кошмо Штаттарга иммиграцияны токтотуу жөнүндө жарлыкка кол коюуну пландап жатканын билдирди.

«Көрүнбөс душмандын чабуулуна, ошондой эле биздин улуу америкалык жарандардын жумуш орундарын коргоо зарылчылыгына байланыштуу мен Кошмо Штаттарга иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол коём», деп Трамп дүйшөмбүнүн кечинде «Твиттерге» жазды.

Азырынча тийиштүү чектөө качан кабыл алынары, канча убакытка созулары белгисиз.

АКШ президентинин иммиграцияны токтотуу жөнүндөгү кандай гана жарлыгы болбосун, ага каршы сотко арызданса болот. Себеби, мамлекетте иммиграция маселеси мыйзам менен гана жөнгө салынат.

Трамптын АКШга айрым мамлекеттерден качкындардын жана иммигранттардын келишине каршы буга чейинки жарлыктары да сотто каралган. Сот алардын көбүн мыйзамдуу деп тапкан.

Быйыл февралдын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеп, буга өлкөдө биометрикалык паспорт бериле элек экендиги негизги себеп болуп жатканын билдирген.

Соңку жумаларда Дональд Трамптын администрациясы АКШга чет элдиктердин келишине тыюу салып келатат. Буга коронавирус эпидемиясы себеп катары көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG