Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Трамп Европа өлкөлөрүнө коюлган чектөөнү алды, бирок Байдендин командасы буга каршы


Жо Байден менен Дональд Трамп.
Жо Байден менен Дональд Трамп.

АКШнын кызматын тапшырып жаткан президенти Дональд Трамп коронавирус инфекциясына байланыштуу Шенген зонасына, Улуу Британияга, Бразилия жана Ирландияга коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарды. Мындай жарлыкка Трамп Жо Байден кызматка киришерге эки күн калганда кол койду. Ага ылайык, 26-январдан тартып Кошмо Штаттарга кирген бул өлкөлөрдүн жарандары коронавирус жукпаганын аныктаган тест жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына карата чектөөлөр сакталып калат.

Бирок бийликке киришип жаткан Жо Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки чектөөнү алуу тууралуу билдирүүнү четке какты. Псаки муну саламаттык сактоо тармагындагы адистердин сунушу менен негиздеди.

Трамп АКШга киргендерге өткөн жылдын башында Кытайдагы Ухань шаарында коронавирус инфекциясы табылган соң чектөө киргизген. Алгач Кытайдан келген чет өлкөлүк жарандарга чектөө салынса, кийинчерээк Иран, Бразилия, Британия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына да бул эреже тиешелүү болуп калган.

АКШ коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башында турат. Кошмо Штаттарда бул оору 24 миллиондон ашык адамга жукту, илдет 400 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG