Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Айрым депутаттар Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу боюнча демилге көтөрүштү


Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетиндеги айрым депутаттар Бишкек мэриясынын жетекчилигинин 19-январдагы жыйынга келбей койгонун кескин сындап, мэр баш болгон айрым жетекчилерди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизүү боюнча демилге көтөрүштү.

Алардын бири Рыскелди Момбеков мэриядан жооптуу кызматкерлер шаардагы курулуш көйгөйлөрү талкууланган жыйынга келбей койгонуна нааразы болуп, курулуш тармагында коррупция тамыр жайганын билдирди.

«Ошондой коррупциянын алдын алыш үчүн комитетке маселе коюп жатсак Бишкек шаарынын мэринин кылганы ушул. Мурда Суракматов да келчү эмес. Ар бир үчүнчү кылмыш - курулуш тармагында. Кубанычбек Мырзабековичти колдойм. Өкмөткө комитеттин өзгөчө чечими менен сунуш берели. Бишкек шаарынын курулуш тармагынын вице-мэринин, жыйынга келбей койгон башчыларынын кызмат абалын карашсын», - деди Момбеков.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 24.kg сайтына депутаттардын сын-пикирине комментарий берип, депутаттарды мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырган.

2020-жылдагы 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин калаа башчынын милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалган. 48 жаштагы Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалып, бул кызматта өткөн жылдын июлуна чейин иштеген. 27-июлдан тартып ал өкмөттүн Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Бишкектин мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Шайлоо келерки жылдын апрель айында өтөрү кабарланган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG