Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Кыргызстанда ажырашкандар дагы эле көп


Кыргызстандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы түгөйлөрдүн ажырашуусу көбөйдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Статистикага ылайык, 2020-жылы өлкөдө 39 944 түгөй баш кошкон. Ошол эле учурда 9150 түгөй расмий ажырышкан. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда 49 431 жуп никеге туруп, 10 992 ажырашуу катталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 1000 түгөйдүн 222си ажырашып кетүүдө. Үй-бүлөнүн ыдырашы шаар жеринде көп катталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG