Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Цианид чуусу: Жогорку сот мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды


Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.
Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот бүгүн, 19-январда «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызын карады.

Доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева билдиргендей, Жогорку сот цианид чуусу боюнча Бишкек шаардык жана Октябрь райондук сотторунун буга чейинки чечимдерин күчүндө калтырды.

"Кумтөр" компаниясынын кассациялык арызын четке какты.

Бул иш 15 жылдан бери уланып келе жаткан. Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогерге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Ага дейре иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.

Кийинчерээк шаардык сот да Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөрткөн эмес. «Кумтөр» алтын кен компаниясы коюлган доого негиз жок деп Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Компания Жогорку соттун акыркы чечими тууралуу комментарий бере элек.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын жүк ташуучу автоунаасы авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн.

Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып келишет. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон.

17 000 киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу өтүнүч менен 2005-жылы сотко кайрылган.

15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, былтыр августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (NT)

XS
SM
MD
LG