Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Балбак Түлөбаев: Транспорт тармагындагы коррупцияны жоюш керек


Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.
Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 19-январда жол кирени көбөйтүүнү талап кылган маршруттук таксилерди иштеткен фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал жабык жолугушууда фирмалардын өкүлдөрү базар баасы, бензин, инфляциянын өсүп жатышына байланыштуу тарифти 15 сомго жогорулатууну талап кылганын айтты.

Түлөбаевдин айтымында, нааразы тарап азыркы учурдагы 10 сомдук тариф кеткен чыгымдарды актабай жатканын билдирип, буга далил катары тиешелүү эсептерин көрсөтүшкөн.

"Жол кире акысын 15 сомго азыр эле көтөрөлү деген жокпуз. Маселе май-июнга барып чечилиши мүмкүн. Пенсионерлер менен окуучулар үчүн жеңилдетилген 8 сомдук тарифти калтырайын деген ойдобуз".

Бишкек: Жол акысы, айдоочулардын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00


Балбак Түлөбаев тариф маселесине байланыштуу 20-январда Экономика министрлигине кат жолдой турганын, ал жакта жумушчу топ карап, талдап чыккандан кийин Бишкек шаардык кеңешине сунушталарын кошумчалады.

Башкалаанын транспорт тармагында көптөгөн коррупциялык элементтерди жоюш керек экенин, аны чечүү боюнча укук коргоо органдары менен чогуу аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Мэрдин милдетин аткаруучу билдиргендей, маршруттук таксилердин линиясын бөлүштүрүүдө жана алардын ишинде коррупциялык элементтер бар.

Өткөн аптада Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Эгерде ал талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Мэрия маселени карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн, айдоочуларды иш таштабоого чакырган. Акыркы эки күндөн бери маршруттук каттамдар азайып кеткенин шаар тургундары билдирип жатышат. Мэрия 19-январда айдоочулардын 60% гана ишке чыкканын ырастады. Бул күнү жоон топ айдоочулар Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин алдында нааразылык билдиришти.

Балбак Түлөбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү нааразы тарап менен ушул жерде жабык сүйлөшүү өткөрүштү.

Мекеме жана милиция буга чейин ишти үзгүлтүккө учураткан айдоочуларга чара көрүлөрүн эскерткен. (NT)

XS
SM
MD
LG