Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Футболчу Ахлидин Исраилов «Алай» клубу менен келишим түздү


Футболчу Ахлидин Исраилов улуттук курама команда менен машыгуу учурунда. Январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Оштун «Алай» футбол клубу менен келишим түздү.

Клубдун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, Исраилов «Алай» футбол клубу менен бир жылдык келишимге кол койду. Ал командада жарым коргоочу болот.

26 жаштагы Ахлидин Исраилов футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү. 2019-жылы «Ак шумкарлар» өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунда ойноп, Ахлидин Исраилов алгачкы беттеште Кытай курама командасынын дарбазасына гол киргизген. Бул Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогундагы алгачкы голу болуп калды.

Исраилов - украиналык «Динамо Киев» футбол клубунун тарбиялануучусу. Карьерасында Кыргызстандын, Орусиянын, Украинанын жана Бангладештин клубдарында ойногон. (MrA/GT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG