Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

«Ак шумкарлар» беттешке чыгат


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары. 20-январь, 2020-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары. 20-январь, 2020-жыл.

2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында кыргыз курама командасынан бир жарым жылдык эс алуусунан кийин биринчи беттеши белгилүү болду. Мартта Кыргызстан Мьянма менен беттешет жана бул пандемиядан кийинки биринчи оюну болот. 

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянма менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши ушул жылдын 30-мартында өтөт. Беттеш Мьянманын Мандалай шаарында өтөрүн Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

«Ак шумкалар» жакынкы күндөрү окуу-машыгуу иштерине чогулары айтылууда.

Наталья Угрюмова.
Наталья Угрюмова.

«Март айындагы беттешке Кыргызстандын курама командасын башкы машыктыруучу Александр Крестинин даярдайт. Учурда окуу-машыгуу иштерин жүргүзүү пландалып жатат», - деди Кыргызстандын футбол уюмунун басма сөз катчысы Наталья Угрюмова.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Жапония, Мьянма, Монголия өлкөлөрүнүн курама командалары менен жаз айларында беттешмек. Коронавирус пандемиясынан улам беттештер белгсиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен бирге F тайпасында жайгашкан. Акыркы жолу «ак шумкарлар» 2019-жылы 19-ноябрда Бишкекте Тажикстан курама командасы менен беттешип,1:1 эсебинде тен чыккан.

Учурда F тайпасында Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар. Кыргызстандын курама командасы мелдештин кийинки баскычына чыгыш үчүн тайпада экинчи орунду ээлеш керек.

Спорт журналисти Базарбек Абдраимов Кыргызстандын тайпа ичиндеги мүмкүнчүлүгүнө мындайча саресеп салды:

«Жапониянын курама командасы менен боло турган экинчи беттеште жок дегенде тең чыгып, бир упай алсак Тажикстандын курама командасынан ашып кетебиз деген үмүт бар эле. Эми пандемиядан кийин баары башкача. Пандемиядан кийинки мүмкүнчүлүктөрдү карап көрсөк Мьянмада азыр футбол абдан жакшы өнүгүп келе жатат. Алар пандемия маалында деле футболду токтоткон жок. Мьянманын улуттук курама командасы окуу-машыгууларга чогулуп, жада калса жолдоштук беттеш өткөрдү. Бизде болсо футбол такыр токтоп калды. Өлкө чемпионатын бир айдын ичинде өткөрүп койдук. Ал эми улуттук курама команда бир жыл бою такыр ойногон жок. Андыктан Мьянмада боло турган оюнга биздин курама команда даяр болбой калышы мүмкүн. Андан сырткары беттеш Мьянмада өткөндүктөн аба ырайы да биздин футболчуларга тоскоолдук кылат. Азыр алдыдагы беттеште Мьянманын утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө жогору».

Деген менен күйөрмандар 2021-жылды «ак шумкарлар» жемиштүү улантат деп үмүттөнүп турушат.

«Ак шумкарлардын» күйөрманы Нариман Сапарбеков курама командага ишенерин айтып, буларга токтолду:

Нариман Сапарбеков.
Нариман Сапарбеков.

«Биздин курама команданын оюндарын аябай күтүп жатабыз. Кыргызстандын тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Анда «ак шумкарлар» дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыгат жана Азия Кубогуна да жолдомо алат. Буюрса жеңет жана тайпадан чыгат деп ишенип жатам».

Бирок азырынча жети упай менен келаткан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына жеңиштен тышкары ийгилик да өтө зарыл. Анткени кийинки матчтарды уткан маалда деле Кыргызстандын башка тайпадагы атаандаштары көбүрөөк упай менен алдыга озуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин ачык айта кетүү зарыл.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрда башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

XS
SM
MD
LG