Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Футбол: Кыргызстан Монголияны утту


Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин жеңишке кубанып жаткан чагы.
Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин жеңишке кубанып жаткан чагы.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту.

Оюн Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, беттештеги алгачкы голду атаандашын дарбазасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү.

Экинчи таймда Монголиянын курама командасы пенальтиден гол киргизип, эсеп 1:2ге өзгөрдү. 57-мүнөттө Валерий Кичин айып аянтчасында Оюнбаатарын Мижиддоржду тээп алып, калыс 11-метрлик айып тобун коюп, аны Норжмоо Цеденбал голго айландырды.

Бул голдон соң Монголиянын курама командасынын оюнчулары чабуул артынан чабуул коюп, Кыргызстандын курама командасынын дарбазасына бир топ коркунуч келтиришти. 20 мүнөттөн соң кыргыз футболчулары демилгени колго алды. Бирок оюн эсеби өзгөргөн жок.

Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына үч упай алып келди. Учурда «ак шумкарлардын» карамагында 6 упай бар.

Бүгүн F тайпасынын катарлаш беттешинде Тажикстандын курама командасы Жапония менен ойнойт.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG