Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Акжол Махмудов: Жаракатка байланган жыл


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Белгилүү балбан Акжол Махмудовдун бир жылдан бери килем үстүнө чыкпай калганынын ушул блогдо кенен изилдейбиз.

Кыргызстандын күрөш спортуна сырттан көз салгандар да жаш спортчу Акжол Махмудовду жакшы таанышат. Бул балбан 18 жашында Азия чемпиону болуп, алдыда Олимпиадага максат койгону бар. Бирок акыркы бир жылдан бери Акжолдун күйөрмандары аны ири турнирди мындай кой, деги эле килем үстүнөн көрө элек. Буга анын бутунан алган жаракаты себеп болуп калганын көбү биле бербесе керек.

Жаш балбан эми гана килем үстүнө кайтып келатат. Тагыраагы, жаңы жылдан кийин Кыргызстандын чемпионаты старт алмакчы жана эми Акжол Махмудов бардыгын башынан башташы керек болуп калды. Эмесе Акжол үчүн 2019-жыл канчалык сыноо менен өтүп баратканын башынан барактайлы.

Футболбу же лыжабы?

Акжол 2019-жылдын февраль айында жаракат алганга чейин бир ай мурун эле Кыргызстандын чемпионатын уткан. Ал 12-январда өлкө чемпионатында ишеничтүү биринчиликти алып, Кыргызстандын курама командасы менен ири эл аралык турнирлерге даярдыкты баштайт.

Акжол Махмудов 2018-жылы Азия чемпионатын жеңген учуру.
Акжол Махмудов 2018-жылы Азия чемпионатын жеңген учуру.

Арадан бир ай толук өтпөй 8-февралда ал футбол ойноп жатып тизесин кокустатып алганы тууралуу маалымат жарыяланды. Бул жаракат кандайча болгонун азыркыга чейин Акжолдун командасы ачык айтпай жүрөт. Бирок расмий эмес маалыматтарда «Акула» (Акжолдун каймана аты) бутун Караколдо лыжа тээп жаткан учурда катуу кагылышып, оорутканы айтылган. Кандай болгон күндө да Акжолдун жаракат алганы чындык болуп калды.

Алгач «жаракат алса эмне, ким албаган жаракат» деп, Акжолдун күйөрмандары өзүн алдап жатышкан. Ал аз келгенсип, Акжолдун машыктыруучусу жана жакын адамдары жаракаттын так диагнозун коомчулукка айткан жок. Анан эле Акжолду операция кылыш үчүн Орусияга алып кетүү пландалды. Мына ушундан баштап, «Акуланын» жаракаты тамаша эмес экени билинди. Ага кошул-ташыл, чемпиондун операциясына 1,5 млн. сом керектелери маалымдалды.

Тизенин кайчылаш тарамышы

Акжол Махмудовго оор күндөр башталганы менен чемпиондук мүнөзүнө салып, ал жаракатка карабай машыгууну уланта берди. Ооруган тизе менен басуу мүмкүн болбой жаткан чакта, ал гантел менен гиряны отуруп алып булкуп атканын көрсө болот.

Көп өтпөй 14-февралда Акжол Махмудов Германияга виза алганын өзүнүн «Инстаграм» аккаунтунда маалымдады. Операция Орусияда эмес, Германияда болмой болду. Тагыраагы Көлн шаарындагы ооруканада 24-февралда балбандын бутуна операция жасалды.

Коомчулук дагы деле «Акула» кандай жаракат алганы тууралуу кабары жок турган чакта, 6-мартта алгачкы жоромолдорду анын машыгуу учурундагы видеосу айтты. Махмудов ооруканада машыгууну улантып, анда сол тизеси темир корсетке таңылганын көрсө болот. Адистер дароо Акжол Махмудовдо тизедеги кайчылаш тарамышы үзүлгөнүн байкашты.

Тизенин кайчылаш тарамышы - өтө опурталдуу жаракат. Союз учурунда мындай жаракатка кабылган спортчунун кадыр-баркына карабай аны дароо курама командадан чыгарылчу. Ал түгүл андай жаракат алгандарды «спорт майыбы» (спортивный инвалид) деп атап коюшчу. Себеби тизедеги кайчылаш тарамыш үзүлгөндө аны кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес болуп, натыйжада ал күчөп барып тизенин артрозуна жана артритке чейин жетсе, адам жылдар бою баса албай калышы ыктымал.

Бактыга жараша дүйнөлүк медицина өнүгүп, азыр кайчылаш тарамышты дарыгерлер калыбына келтиргенди өздөштүрүп алышты. Бирок ошондо деле мындай жаракат алган спортчулар 6 айдан 1,5 жылга чейин машыгууну токтотушу керек.​

Машыгуу токтобош керек

Бирок өжөрдүгү менен айырмаланган Акжол операциядан чыккандан көп өтпөй эле бутка күч келтирбеген көнүгүү менен машыгууну уланта берди. Бир айга жетпей балдагы жок баса баштап, ага чейин да, кийин да буттан башка булчундарды эс алдырган жок.

Ошентип Акжолдун жыйырманчы жазы Көлн шаарындагы реабилитациялык борбордо өтүп, май айында гана Кыргызстанга кайтып келди. Анткен менен бул «баары жакшы болуп калды» деген белги эмес, эми калыбына келүү өз өлкөсүндө уланды.

Натыйжада Акжол Махмудов арты-артынан эл аралык турнирлерди коё берүүгө аргасыз болду. Бирок ал сентябрь айында Нур-Султанда (Астана) өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу максатын койду. Бул жаңылык бардык күйөрмандарга кайрадан үмүт менен ишеним алып келди.

Акжол Махмудов күрөш учурунда.
Акжол Махмудов күрөш учурунда.

Эми көбүн кызыктырганы - Акжол мурдагы формасына келе алабы? Анткени машыгуу май айында булчуңдарга жумшалып, залга барууга тыюу салынган, ошондой эле бутка күч келтирбеш керек эле.

Убакыт өтүп, Акжол Махмудов август айында гана машыгууну күрөш залында баштаганы маалым болду. Дүйнө чемпионатына бир ай калганы менен күйөрмандар Акжолго күрөшүү али эрте экенин билишкен жок. Ал эми «Акула» өзү социалдык түйүн аркылуу Нур-Султандагы дүйнө чемпионатына катышарын улам белгилеп айтып жатты.

«Акула» Нур-Султанга күрөшкөнү келген жок

Негедир Кыргызстандын курама командасы Акжолдун дүйнө чемпионатына катышпасын акырына чейин коомчулукка айткан жок. Эгерде божомолдой турган болсок, бул тактика өз кезегинде «Акуланын» дүйнөдөгү атаандаштарына жасалган маалыматтык чабуул болчу. Атаандаштар анын абалы толук калыбына келе элек экенин билбеши керек эле, ушунун негизинде Акжолдун командасы жогорудагы кадамга барды өңдөнөт. Себеби Акжол Нур-Султанда дагы эле тизесин калыбына келтирүү этабында экенин биринчи жолу журналисттерге ачык айтып, Казакстанга спортчуларды колдош үчүн гана келгенин билдирди.

Ошентип Нур-Султанда Дүйнө чемпионаты аяктап, Кыргызстандан жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эстедиңер болуш керек. Тилекке каршы Айсулуудан бөлөк спортчубуз Казакстандагы дүйнө чемпионатынан коло медаль да алып келе алган жок. Ал эми Акжолго бул чемпионат Олимпиадага жолдомо алууга жакшы мүмкүнчүлүк эле.

Акжол Махмудов жана Камал Амир Бей (АКШ).
Акжол Махмудов жана Камал Амир Бей (АКШ).

Акжол Махмудов октябрь айында гана толук машыгууга кирише баштады. Дарыгерлер ага килем үстүндө күрөшүүнү баштай берсе болооруна уруксат беришти. Өткөн айда «Бигсер» компаниясынын «Инстаграм» баракчасы Акжол Махмудовдун жаракат алгандан кийин биринчи жолу залда күрөш учурундагы видеодон үзүндү жарыялады. Ал видеодо Акжол өзүнүн сүйгөн ыкмасына айланган, атаандашын белден алып 4 упайга ыргытууну мурдагыдан оор жасап жаткандай түр калтырды. Ага албетте, Акжол Махмудовдун дээрлик 9 айга жакын мурдагыдай күрөшпөгөндүгү менен түшүнсө болот.

Атаандаштан мурун өзүңдү жеңиш керек

Ноябрда ошол эле «Бигсер» Акжолдун машыгуу учурундагы дагы эки видеосун чыгарды. Мына эми «Акула» акырындап мурдагы формасын ала баштаганын көрсө болот.

Акжол Махмудов жаракаттын айынан туура бир жылдык сезонду жоготту. Эми ал кайрадан Кыргызстандын чемпионатынан кадамды башташы керек. Тагыраагы жаны жылдан кийин 11-12-январда Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Алгач эми бир жыл мурункудай өлкөнү утуп чыгышы керек.

«Акжолдун Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүгү барбы?» - деп атсаңар керек. Анда жооп берейин - сөзсүз бар! Ал үчүн январда Кыргызстанда утса, анан гана курама команда менен 2020-мартта Кытайда боло турган Азия турнирине барса болот. Дал ушу Кытайда Олимпиадага лицензиялар ойнотулат. Андан тышкары 2020-жылдын апрель айында Болгарияда дүйнөлүк турнир бар. Бул жерде да байгелүү орунду алгандарга 2020 жайында Жапонияда өтө турган Олимпиадага лицензиялар берилмекчи.

Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Айтор Акжол Махмудовго да мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда 77 кг салмакта Кыргызстандын өзүндө деле күчтүүлөр чыгып, бир жыл бою машыгууну токтотпогонун эске алыш керек. Алсак, Акжолдун эски атаандашы Ренат Ильяз уулу өз баралында турса, жаштардан Акылбек Талантбеков өңдүү алгыр балбандар чыгып келатканын айтпай кетсек болбойт. Демек, Акжол эми атаандаштарды гана эмес, өзүн да жеңип чыгуу милдети турат.

Махмудов коомчулук андан жөн гана лицензияны эмес, Олимпиададан медаль күтүп жатканын да түшүнүүдө. Болгондо да жөн медаль эмес, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи алтын медалды Акжол Махмудов алып келип берет деген ар бир күйөрманындын жүрөгүнүн түбүндө ишеним бар. Ал ишенимди акташ үчүн Акжол дагы күн-түн дебей машыгууну улантууда.

Айтор бир айдан кийин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын бир кызыгын 77 кг салмактагы балбандар көрсөткөнү калды. Анын ичинде Акжол Махмудов кайрадан бул тактыны өз ордуна алып келүүнү өзгөчө самап жатканы талашсыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG