Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Кылыч Саркарбаев мамлекетке келтирген зыян үчүн миллион сом төлөдү


Кылычбек Саркарбаев Ош шаарынын мэри менен Ош шаардык кеңешинин төрагасынын ортосунда.
Кылычбек Саркарбаев Ош шаарынын мэри менен Ош шаардык кеңешинин төрагасынын ортосунда.

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди. 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында анын жакындары акчаны төлөгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Учурда анын ишине юридикалык баа бериш үчүн тергөө иштери уланууда.

УКМК Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен 17-декабрда кармаган. 23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов аны шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган.

19-январда таратылган расмий кабарга ылайык, ал комитеттин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен териштирүү жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырган.

Анын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

32 жаштагы Кылычбек Саркарбаев - эрежесиз мушташ чебери. Анын аты 2020-жылдын февралында Оштогу ок атышуу чырында да аталган. Бул иш боюнча Ички иштер министрлиги Жазык кодексинин 138-беренеси («Денеге оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү баштаган. ИИМдин басма сөз кызматы бул иш өндүрүштөн кыскарбаганын, иликтеп-тергөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG