Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Ош мэриясы: Саркарбаев ишке чыкты, атышууга тиешеси бар-жогу териштирилет


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев жумушка чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта көп талкууга себеп болгонуна байланыштуу Саркарбаевге карата кызматтык иликтөө болот. Криминал менен байланышы, атышууга тиешеси тууралуу айтылып жаткан сөздөр канчалык негиздүү экени териштирилет.

22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткенин доктурлар билдирген. Окуяга байланыштуу Саркарбаевдин аты аталган.

Рахманберди уулу 25-сентябрда Оштогу жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзүн өзү атып алганын айтып берген жана Саркарбаевге карата арыз жазуудан баш тарткан.

Саркарбаев - кикбоксинг боюнча спорттун чебери, мушташтын аралаш түрү боюнча бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү.

Фуркаттагы окуядан бери ал жумушка чыга элек болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG