Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Ош: Саркарбаев соттун чечими менен эки айга камалды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов. Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарылган учур. 27-декабрь, 2019-жыл, Ош шаары.

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 21-декабрда «Азаттык» радиосуна Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Оштогу тергөө абагында 16-февралга чейин кармалмай болду.

УКМК Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалганын 17-декабрда маалымдап, ал 2006-жылы «талап-тоноочулук» үчүн бир жылга шарттуу кесилгенин билдирген.

Саркарбаевдин жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Ош шаарынын мэриясы Саркарбаевдин кызмат орду тууралуу маселе жакынкы күндөрү караларын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG