Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Кылычбек Саркарбаев иштен расмий алынды


Кылычбек Саркарбаев.
Кылычбек Саркарбаев.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев 23-декабрь күнү кызматтан бошотулду. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Саркарбаевди Ош шаардык аймактык комиссиясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча кызматтан алуу боюнча мэрге сунуш берген. Анын негизинде спорт комитетинин башчысы жумушунан расмий бошотулду.

Кылычбек Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен УКМК 17-декабрь күнү кармаган. УКМК аны уюшкан кылмыш тобу менен да байланышы бар экенин билдирген. Кийин соттун чечими менен эки айга камакка алынганы кабарланган.

33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келген. (DU)

XS
SM
MD
LG