Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Ипотекасын төлөй албай жаткан мугалимдер жана дарыгерлер тобу пикетке чыкты


Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын төмөндөтүү тууралуу талап менен уюштурулган пикет. 2020-жылдын 23-декабры.
Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын төмөндөтүү тууралуу талап менен уюштурулган пикет. 2020-жылдын 23-декабры.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алган 15тей киши бүгүн, 23-декабрда Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыкты. Алар өзүлөрүн Бишкектен, Канттан жана Сокулуктан келген мугалимдер жана дарыгерлер деп тааныштырып, мамлекеттен ипотеканын негизинде батир алганын, бирок үстөк пайызын төлөөдө кыйналып жатканын айтып беришти.

Акцияга чыккандар алган айлык акысы ипотеканы төлөөгө жетпей жатканын айтып, үстөк пайызды азыркы 7-10% эмес, 4% кылып берүүнү суранышты. Айрымдары акча төлөй албай, батиринен ажырап калуу коркунучуна калганын билдиришти.

Ипотекалык компанияга буга чейин беш жолу барганын, эми өкмөттөн жардам сурап келгенин айтышты.

Пикетке чыккандардын өкүлдөрүн вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева кабыл алмай болду.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси боюнча элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Анын үстөк пайызы коммерциялык банктарга салыштырганда кыйла төмөн. Компания пикетке чыккандардын талабы боюнча комментарий бере элек. (KA)

XS
SM
MD
LG