Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыкты


Кылычбек Саркарбаевге Ош шаардык мэриясы тапшырган сыйлыктардан коллаж.
Кылычбек Саркарбаевге Ош шаардык мэриясы тапшырган сыйлыктардан коллаж.

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев сот чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Исманова 18-январда маалымат таратты. Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 16-январдагы чечими менен Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде Кылычбек Саркарбаевге соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ал кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу керек.

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди ушул эле шаардык сот 21-декабрдагы чечими менен эки айга камакка алган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылычбек Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен 17-декабрда кармаган.

23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйругун чыгарган.

32 жаштагы Кылычбек Саркарбаев шаардык спорт комитетинин төрагалык кызматынан 2020-жылы 17-февралда ок атуу чырына байланыштуу кеткен болчу. Кызматтан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылууда Саркарбаев аны бутуна атканын айткан. Бул иш боюнча Ички иштер министрлиги Жазык кодексинин 138-беренеси («Денеге оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү баштаган. ИИМдин басма сөз кызматы бул иш өндүрүштөн кыскарбаганын, иликтеп-тергөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин жетектөөгө 2015-жылы дайындалган. Бир катар чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «Эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган. 2020-жылы 31-август - Эгемендик майрамында коронавирус менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн мактоо баракчасын да тапшырган.

Ош мэриясы Кылычбек Саркарбаевди парламенттик шайлоонун алдында, 2020-жылдын сентябрь айында кайра жумушка алып, Саркарбаев укук коргоо органдарынан «ок атууга аралашкан эмес» деген тастыктоочу кагаздарды алып келгенин билдирген. Кызматына кайтып келген Саркарбаев дароо эле шайлоого аттанып, өргүүгө чыгып кеткен. (MrA/ZKo)

XS
SM
MD
LG