Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстан билет баасын арзандатыш үчүн Орусиядан туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранды


«Манас» эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.

Авиабилеттерди арзандатыш үчүн Кыргызстан Орусиядан туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранды. Азырынча орус бийлигинен тиешелүү жооп келе элек.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев 18-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

«Учурда Бишкек-Москва туруктуу аба каттамы жумасына бир жолу, жума күнү гана жүргүзүлүп жатат. Каттамдарды Кыргызстандын «Авиа Траффик» жана Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниялары аткарууда. Калган 80ден ашыгы чартердик каттамдар. Аларды үзгүлтүксүз рейстерге өткөрүш үчүн вице-премьер-министр менен жыйын өтүп, Орусиянын Коронавирус менен күрөш боюнча штабына кайрылуу тууралуу чечим чыккан. Орусия тараптан жооп күтүп жатабыз».

Сталбек Шаршеев авиакомпаниялар пандемияда келтирилген чыгымдарын жабыш үчүн билет баасын жогорулатууга аргасыз болуп жатканын айтты. Ал Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын көзөмөлдөй албай турганын кошумчалады. Анын айтымында, авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде билеттин баасын бекитет. Кыргызстандык авиакомпаниялар эконом-класстагы билеттин баасын 32-33 миңден сатат. Ал эми Орусия тараптын жол киреси 50 миң сомго чейин. Бизнес-класста билеттин баасы 70 миңден 300 миңге чейин сатылууда.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыр март айында токтотулган авиакаттамдар август-сентябрдан тартып кайра жандана баштаган. Коомчулукта билет баасы мурдагыдан бир топ кымбат болуп жатканына нааразы пикирлер айтылып келет. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG