Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия: Кайрат Примбердиевди наамдан ажыратууга негиз жок


Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев.
Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев.

Кыргызстанда президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун Интернеттеги шоу-программага байланыштуу эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу тууралуу сунушуна жооп кайтарды.

Бул тууралуу аталган комиссиясынын катчысы Ж.Сманбаеванын 18-январдагы жооп катында белгиленген.

Документти президенттик аппарат таратты. Анда Сманбаева Жазык кодексинин 64-беренесинде кызматтык абалын жана кызматта берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда атайын, аскердик, ардак наамынан жана дипломатиялык рангынан же класстык чининен ажыратуу каралганын эске салган.

Ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууга болорун билдирген.

Ушул берененин негизинде аталган комиссия Кайрат Примбердиевди ардак наамдан ажыратууга «мыйзамдуу негиз жок» деген чечимге келген.

Кайрат Примбердиев «Эмгек сиңирген артист» наамын 2017-жылдын 20-ноябрында алган.

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги дагы бир эстрада ырчысы Курал Чокоевдин «YouTube» порталындагы шоу-программасын жосунсуз жорук катары баалап, ага 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарган.

Ал эми бул шоуга конок катары катышкан Кайрат Примбердиевге төрт жыл мурда берилген ардак наамды жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлгөн.

Мекеме эки ырчыны Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо маселеси каралып жатканын жарыялаган.

Министрдин мындай чечимин коомдун бир бөлүгү, маданият өкүлдөрү сындаса, дагы бир тобу колдоп жатат.

Чокоев жана Примбердиев талкууга түшкөн программасын «Youtube» порталынан өчүрүп салганын айтып, элден кечирим сурашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG