Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Навальныйды полиция аэропорттон кармап кетти


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москвага учуп келгенде полиция аны аэропорттон кармап кетти. Анын адвокатына чогуу барганга уруксат берилген жок.

Ал паспорттук көзөмөлдөн өтөрдүн алдында журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө каршы козголгон кылмыш иштеринен коркпой турганын айтты.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастады. Өткөн аптада аталган мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган эле.

Навальный түшкөн учак «Внуково» аэропортуна эмес, «Шереметьевого» конгон. «Победа» авиакомпаниянын басма сөз кызматы мындай жагдайды аталган аэропорт техникалык себептерден улам убактылуу жабылганы менен түшүндүргөн.

Полиция «Внуководон» Навальныйды тосуп алганы келген бир нече адамды күч менен кармап кетти. Алардын арасында Любовь Соболь, Руслан Шаведдинов, Илья Пахомов, юрист Алексей Молокоедов, Навальныйдын жардамчысы Илья Пахомов, штабдын менежери Анастасия Кадетова жана башкалар бар.

Орус президенти Владимир Путиндин башкы оппоненти Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке Орусиянын атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG