Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Навальный түшкөн учак "Шереметьево" аба майданына конду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түшкөн Берлин-Москва каттамындагы учак "Шереметьево" аэропортуна конду. Анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш "Твиттердеги" баракчасына "Шереметьевого" кондук. Акыр аягына чейин алар ушунчалык коркоруна ишенүү мүмкүн эмес эле. Мына, ырасталды" деп жазды.

"Победа" авиакомпаниясына таандык учак "Внуково" аэропортуна конушу керек эле. Компаниянын басма сөз кызматы мындай жагдайды аталган аэропорт техникалык себептерден улам убактылуу жабылганы менен түшүндүрдү.

Полиция "Внуководон" Навальныйды тосуп алганы келген бир нече адамды күч менен кармап кетти. Алардын арасында Любовь Соболь, Руслан Шаведдинов, Илья Пахомов, юрист Алексей Молокоедов, Навальныйдын жардамчысы Илья Пахомов, штабдын менежери Анастасия Кадетова жана башкалар бар.

Апта башында Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген. Анын алдында мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган.


Орус президенти Владимир Путиндин башкы сынчысы Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке Орусиянын атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG