Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

"Внуково" аэропортунда Навальныйдын тарапташтары кармалды


Алексей Навальный ушул тушта Берлинден Москвага учуп келе жатат.
Алексей Навальный ушул тушта Берлинден Москвага учуп келе жатат.

"Настоящее время" сайтынын маалыматына караганда, полиция Москва шаарындагы "Внуково" аэропортунан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтарын кармап кетти. Алардын арасында Любовь Соболь, Руслан Шаведдинов, Илья Пахомов, юрист Алексей Молокоедов, Навальныйдын жардамчысы Илья Пахомов, штабдын менежери Анастасия Кадетова жана башкалар бар. Аларга аэропортто кафеде чогуу отурганда 10 полиция кызматкери келген.

Шаар полициясы Навальныйдын тарапташтары эмненин негизинде кармалганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Навальный ушул тушта Берлинден Москвага учуп келе жатат, ал түшкөн учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:20да конот. Аны аэропорттон ондогон тарапташ-санаалаштары тосуп алганы жатканы кабарланган.

Апта башында Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген. Анын алдында мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG