Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Алексей Навальный Москвага келгенде кармалды


Алексей Навальный Москванын "Шереметьево" аэропортунда, 17-январь, 2021-жыл.
Алексей Навальный Москванын "Шереметьево" аэропортунда, 17-январь, 2021-жыл.

17-январда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москванын "Шереметьево" аба майданына учуп келгенде полиция кармап кетти. Анын адвокатына чогуу барганга уруксат берилген жок.

Навальный паспорттук көзөмөлдөн өтөрдүн алдында журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө каршы козголгон кылмыш иштеринен коркпой турганын айтты.

Берлин-Москва каттамындагы учак "Шереметьево" аэропортуна жекшембинин кечинде конду. Анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш "Твиттердеги" баракчасына "Шереметьевого" кондук. Акыр аягына чейин алар ушунчалык коркоруна ишенүү мүмкүн эмес эле. Мына, ырасталды" деп жазды.

"Победа" авиакомпаниясына таандык учак "Внуково" аэропортуна конушу керек эле. Компаниянын басма сөз кызматы мындай жагдайды бул аэропорт техникалык себептерден улам убактылуу жабылганы менен түшүндүрдү.

Навальный аны менен чогуу учуп бара жаткан журналисттердин суроолоруна жооп берип, мекенине кайтып баруудан коркпой турганын билдирди.


Учак "Внуково" аэропортуна Москва убактысы боюнча саат 19:20да конмокчу.


"Настоящее время" сайтынын маалыматына караганда, полиция Москва шаарындагы "Внуково" аэропортунан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтарын кармап кетти. Алардын арасында Любовь Соболь, Руслан Шаведдинов, Илья Пахомов, юрист Алексей Молокоедов, Навальныйдын жардамчысы Илья Пахомов, штабдын менежери Анастасия Кадетова жана башкалар бар. Аларга аэропортто кафеде чогуу отурганда 10 полиция кызматкери келген.

Шаар полициясы Навальныйдын тарапташтары эмненин негизинде кармалганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.


Навальный Москвага 17-январда учуп келерин жарыялаган. Аны аэропорттон ондогон тарапташ-санаалаштары тосуп алганы жатканы кабарланган.

Апта башында Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген. Анын алдында мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG