Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Жогорку Кеңеш: «Манас» эпосу жөнүндө мыйзам экинчи окууда каралат


«Манас» эпосу.
«Манас» эпосу.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 18-январда «Манас» эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды.

Мыйзам долбоорун 40 депутат сунуш кылган. Мыйзамдын максаты - эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерин тескөө болуп саналат.

Өткөн жылы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында «Манастын доору жана «Манас» жөнүндө мыйзамдын аткарылышы» жөнүндө бир нече жолу жыйындар өтүп, 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган КРнын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы учурда толук иштебей жатканы сынга алынган жана мыйзам долбоорунун айрым беренелери кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (1918–2014) мурасын айрым бир жактуу каралоочулар, «жайсаңчылар» тарабынан тымызын түрдө пайдаланылып кетпеши керек экендиги баса белгиленген.

Ошондой эле коомчулукта «Манасты» бурмалап, коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерине, «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген аталыштарды арак, коньяк сыяктуу ичимдиктерге коюуга тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлгөн.

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы 2019-жылдын 31-январында чыккан президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн.

«Манас» кыргыз эпосторунун башатында турат. Ал ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий баалуулуктарына кирген даңазалуу чыгармалардын тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG