Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Мирзиёев мектептерди окуучуларга шахмат үйрөтүүгө милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахмат оюнун өркүндөтүү боюнча 2025-жылга чейинки мамлекеттик программаны бекитти. Ага ылайык, мектептерде 2-3-4-классттын окуучуларына шахмат милдеттүү түрдө үйрөтүлө баштайт.

Ушул жылдан тартып 150 окуу жайында шахмат боюнча тереңдетилген сабактар киргизилет жана ал дене тарбия сабагынын алкагында өткөрүлөт.

Президенттин жарлыгына ылайык, министрлик-мекемелерде жылына бери дегенде эки жолу "шахмат күндөрү" өткөрүлүп турат. Маалелерде "Шахматчы үй-бүлө" деп аталган сынактар уюштурулат.

Документте 2025-жылга чейин Өзбекстанда шахматты такай ойногон жарандардын саны жалпы элдин 3 пайызын түзүшү керектиги жазылган. Ошондой эле спорт мектептеринде шахмат менен бери дегенде 10,5 миңдей бала алектениши керектиги көрсөтүлгөн.

Алдыдагы беш жылда шахмат клубдарынын, мектептердин саны 25ке жеткирилет.

Балдарга жапырт шахмат үйрөтүү боюнча программа Грузияда 2015-жылы башталган. Аны шахмат боюнча көп жолку чемпион Гарри Каспаров иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG