Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Окуу жайдын жамааты ырчыны кабыл албай жатат


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо аракети чыр менен коштолууда. 

15-январда жамаат менен расмий тааныштыруу учурунда эки тараптын талашына милиция аралашты. Окуу жайдын мугалимдери Самара Каримованын жетекчи болуусуна каршы болуп, аны менен иштешүүдөн баш тартууда.

15-январда Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына дайындалган Самара Каримова жамаат менен расмий тааныштырылмак. Ал соттон министрликти утуп, жумушка кайра дайындалганы кабарланган. Бирок аны окуу жайдын кызматкерлери кабыл алган жок. Алар Каримовадан өз арызы менен кетип, жетекчиликке алардын арасынан башка бирөөнүн дайындалышын талап кылууда.

Назгүл Кудайкулова.
Назгүл Кудайкулова.

«Биз Самара Каримовадан "келди, ишке кабыл алынды болуңуз да, кайра арызыңызды жазып бериңиз" деп сурандык. Мурунку директорду да, дайындалган Самара Каримованы да жетекчиликке койдурбайбыз. Өзүбүздүн ичибизден башка бир талапкерди көрсөтө турган болуп жатабыз. Ал убактылуу иштеп турсун. Үч ай же алты ай мөөнөткө, андан кийин министрлик кимди дайындаса ошол келсин», — деди мугалимдердин бири Нургүл Кудайкулова.

Окуу жайдын кызматкерлеринин нааразычылыгынан улам милиция кызматкерлери да окуяга аралашты. Милициянын айтуусунда, аларга Самара Каримовадан «ызы-чуу кылып, мени киргизбей жатат» деп чакыруу түшкөн. Окуу жайга келген тергөөчү Мирланбек Орозалиев эч кандай мыйзам бузуу жоктугун айтты:

Мирланбек Орозалиев.
Мирланбек Орозалиев.

«Ызы-чуу болгону жөнүндө кабарланганы үчүн келдик. Себеби "эл үйүлүп турат" дегенинен элдин коопсуздугу үчүн, уруш-жаңжал болуп кетпесин деген максатта 102нин кабары менен келдик. Азыр бул жерде мыйзам бузуу жок. Эч кандай уруш-жаңжал, тополоң жок».

Каримова менен окуу жайдын жамаатынын ортосундагы чыр бир күн мурун да болгон. Мугалимдер Каримованы кабыл албай турганын, анын музыкалык жогорку билими, башкаруучулук тажрыйбасы жоктугун айтышкан.

Ырчы 14-январь күнү соттун чечимин, Маданият министрлигинин жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун буйругун көрсөтүп, мыйзамдын негизинде жетекчи болууну эңсеп турганын айткан.

Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайда. 14-январь, 2021-жыл.
Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайда. 14-январь, 2021-жыл.

«Ошол 2018-жылы мени эч кандай жүйөсүз, себепсиз буюм сыяктуу алып ыргытып салган. Соттор укугумду коргоп, мыйзам чегинде карап, "ишке дайындаган буйрук туура болчу" деп чечим чыгарып беришти».

2018-жылы октябрь айында Самара Каримова аталган окуу жайга жетекчиликке дайындалып, эки күндөн кийин кайра алынган. Ошол учурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кызматка дайындоо эрежеси бузулгандыктан чечим жокко чыгарылганын «Азаттыктагы» маегинде айткан.

13-январь күнү маданият министри Нуржигит Кадырбеков министрлик Самара Каримовага соттон утулуп калганын, ал кайра жумушка келе аларын билдирген.

Мыйзамсыз дайындоо

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова соттун чечиминде министрлик Каримованын арызын кубаттап, ага макул болгонун, ырчы иштен алынгандан кийин эки айдын ичинде арыз жазышы керектигин айтууда.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Эмгек кодекси боюнча Каримова эки айдын ичинде кайрылышы керек эле. Соттун актысында кайсы күнү кайрылганы да жазылган эмес. Бирок чечим 17-декабрда чыгып жатат. Чечимде министрлик Каримованын доо арызына макул болуп, өздөрү калыбына келтирүүнү, "каршы эмеспиз, Каримованын дооматтарына толугу менен макулбуз" дептир. Эки жылдан кийин деле аны жумуш ордуна кайтарып алып келүү мүмкүн. Бирок анын эки айдын ичинде кайрылууга мүмкүнчүлүгү болбогонуна жүйөлүү себеп болуп, аны далилдөө керек. Ошондуктан мен "туура эмес болуп калды" деп айтып жатам».

Сооронкулова сот эки тарап тең арызга макул болгондуктан «шашылыш», окуянын жагдайларына, анын убактысынын өтүп кетүүсүнө көңүл бурбай чечим чыгарган деп сынга алды.

Мындан сырткары мыйзам боюнча Самара Каримова өзү баш тарткан күндө да Маданият министрлиги ага эки жыл ичиндеги айлык-акысын толугу менен төлөп бериши керек.

Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайдын жамааты. 15-январь, 2021-жыл.
Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайдын жамааты. 15-январь, 2021-жыл.

Самара Каримова 2018-жылы жетекчи болууну көздөп Маданият министрлигине арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде статс-катчы Бактыбек Секимов буйрук чыгарып, директорлукка дайындаган.

Секимов 15-январда Каримованы жумушка коюуга келген күнү министрлик жогорку инстанцияга кайрыла турганын айткан. Соттун чечиминде нааразы тараптар 30 күн ичинде кайрылууга укуктуу. Бирок министрлик шаардык сотко арыз менен кайрылганы жөнүндө расмий маалымат бере элек.

Анын ордуна сот чечим чыгарган күндөн 30 күн өтө элек жатып министр Нуржигит Кадырбеков 14-январда Каримованы кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыгарган. Сөз статс-катчы Бактыбек Секимовдо:

Бактыбек Секимов.
Бактыбек Секимов.

«Бүгүн министр менен байланыштым. Ал мыкты юристтер менен кеңешип жатат. Арыз бергенде да негиздеп беришибиз керек да. Канчалык созулуп кете берсе бизге да материалдык, моралдык чыгымын төлөтүп, чоң чыгаша болот. Бизде убакыт бар. Шаардык сотко апелляция берели деп жатабыз».

Бул Каримованын жетекчи болууга аракет кылган алгачкы окуясы эмес. 2017-жылы да Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен соң өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал учурда анын күйөөсү Асан Мансуров Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп турган.

Мансуровдун ысымы 2015-жылы «Азаттыкта» жарык көргөн «Саясатташкан сауналар» аттуу иликтөөдө аталган. Мансуров интервьюсунда сойкукана болуп иштеп жаткан имараттар апасына таандык экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG