Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

Ырчы Самара Каримова Маданият министрлигин сотто утуп алды


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотто утуп алды. Эми ал Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" министр Нуржигит Кадырбеков билдирди.

-Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. "Кызматы кайра калыбына келтирилсин" деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек, - деди министр.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

2017-жылы Самара Каримова Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексине башкы директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен соң өз каалоосу менен кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG