Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:24

Жаманкулов: Мен Каримованы дайындабайт элем


Маданият министри Азамат Жаманкулов жана ырчы Самара Каримова.
Маданият министри Азамат Жаманкулов жана ырчы Самара Каримова.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы Самара Каримованы Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директорунун кызматынан бошотту.

Каримова музыкалык орто окуу жайынын директору болуп дайындалганын аталган министрлик 30-октябрда кабарлаган. Кызматка дайындап, эки күндөн кийин кайра бошоткон чечимдин чоо-жайы тууралуу министр Азамат Жаманкулов түшүндүрмө берди:

"Азаттык": Ырчы Самара Каримованы кайра кызматтан алуу тууралуу чечимге эмне себеп болду?

Азамат Жаманкулов: Буйрук чыгарууда мыйзам бузулган. Менин орун басарымдын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы... Ушундан улам ал буйрукту кайра жокко чыгарууга туура келди.

"Азаттык": Министрлик 30-октябрда сиз кызматта иштей баштаган кезде эле Каримованын кызматка дайындалганы тууралуу кабар таратпады беле?

Азамат Жаманкулов: Жок, бул мага чейин болгон иш. Мен келгенде кол коюлуп, бардык документтер даяр болуп калган.

"Азаттык": Бирок буга чейин сиздин атыңыздан маалымат тараган да?

Азамат Жаманкулов: Менин атымдан кеткен эмес. Маалымат каражаттары эмнегедир мени ошого байлап коюшту. Мен келген учурда Каримованы жамаатка тааныштырып жатышат. Ошол себептүү байланып калдым го. Бирок ал менин чечимим эмес болчу.

"Азаттык": Каримованы директорлукка дайындоодо эмне деген мыйзам бузуу бар экен? Негизи эле бул окуу жайына кандай жетекчи дайындалышы керек эле?

Азамат Жаманкулов: Биринчиден, кызматка дайындоо эрежеси бузулгандыктан, чечим жокко чыгарылды. Экинчиден, өзүмдүн жеке көз карашым боюнча айтсам, мен ал кишини бул кызматка койбойт элем.

Бизде мектептердин директору кандай тажрыйбага ээ болушу керек, билими кандай болушу керек деген квалификациялык талаптар бар. Бирок орто окуу жайыныкы жок экен. Учурда биз ошол боштукту толукташыбыз керек. Тажрыйбага, директорлорду шайлоо талаптарына карасак, ал киши бул талапка жооп берген эмес. Анын адистик билими башка экен. Тажрыйбасы да топтоло элек экен. Ошондуктан директор болууга мүмкүнчүлүгү жок болчу.

"Азаттык": Анда сиздин статс-катчыңыз эмне үчүн Каримованы бул кызматка дайындады? Бул боюнча териштирүү болдубу?

Азамат Жаманкулов: Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. "Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм" деген арыз жазган. Ошол арызды канааттандырыптыр.

"Азаттык": Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын абалы чынында кейиштүү экен. Өрттөнүп кеткен бойдон оңдолбой туруптур. Мурда ага эмнеге көңүл бурулган эмес? Азыр оңдолобу?

Азамат Жаманкулов: Биз жардам беребиз. Мен анын ушундай абалга туш келгенин билген эмесмин. Азыр баарыбыз биригип, бул окуу жайын оңдоп, көтөрүүгө тийишпиз. Мен ушул күндөрү Ошко барам. Эртең окуу жайынын абалын өз көзүм менен көрөйүн деп жатам. Келгенден кийин резервдеги каражаттардын кайсы бир бөлүгүн берүү менен мекемени калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. Жаңы директор дайындап, ишти жакшыртуу керек.

"Азаттык": Негизи эле кадр маселесинде ушундай көрүнүш туурабы? Кызматка дайындап, бирок эки-үч күндөн кийин "болбой калды" деп алып койгон?..

Азамат Жаманкулов: Мыйзам бузулган болсо кайра алыш керек. "Дайындалып калды эле" деп карап отурган болбойт.

"Азаттык": Негизи бул жерде статс-катчынын жоопкерчилиги кандай? Ал жетекчилик менен кеңешиши керек беле?

Азамат Жаманкулов: Эми ошону ойлонуп, кеңешүү керек болчу. Кеңешпей кабыл алынган чечим болуп отурат.

"Азаттык": Статс-катчыга кандай чара көрүлө турган болду?

Азамат Жаманкулов: Ага сөгүш жарыялоо тууралуу премьер-министрге кат жөнөттүм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG